Садык Шер-Нияз

Википедия дан
Садык Шер-Нияз
Садык Шер-Нияз
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер Союзунун төрагасы
желек
желек
Андан мурунку: Артыкпай Сүйүндүков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри[1]
желек
желек
14-июль — 20-декабрь 2010
Андан мурунку: Султан Раев
Андан кийинки: Нурланбек Шакиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары
желек
желек
2004 — 2007
 
Дини: ислам
Туулган жери: Чоң-Капка, Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Балдары: Эрлан, Эльмар,
кызы Саадат
Партиясы: Ата-Мекен
Билими: Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
Кесиби: кинорежиссёр, продюсер, жазуучу, сценарист, юрист
 
Сыйлыктары:

Садык Шер-Нияз (төр. 10-март, 1969; Чоң-Капка, Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, ошондой эле жазуучу, продюсер, кинорежиссер, сценарист. «Айтыш» коомдук фондунун, "Калемгер" адабий клубунун, "Айтыш Фильм" киностудиясынын, «Кыргызстан – кыскаметраждык фильмдердин өлкөсү» эл аралык кинофестивальдын негиздөөчүсү[2], «Ак-Илбирс» кино сыйлыктын бирден бир негиздөөчүсү, Кыргызстан Кинематографисттер Союзунун Төрагасы. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1969-жылдын 10-мартында Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айлында туулган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку билимдүү.

Эмгек ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 19941996 — «Шер» өндүрүш-коммерциялык фирмасында юрист-консультант болгон.
  • 19961998 — «Ачекей»" жеке ишканасынын директору болуп иштеген.

Саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 19982004 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу Палатасынын депутаттын жардамчысы.
  • 20042007 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен).
  • 2005 — "Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.
  • 2006 — Конституциялык Кенештин мүчөсү.
  • 2010Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңештин, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин астындагы Консультативдик кенештин мүчөсү болгон.
  • 2010 — Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри кызматын аркалаган.
  • 20122013 — «Замандаш-Современник» саясий партиясынын тең төрагасы болгон.
  • 2015-жылдын 4-октябрында “Ата Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган

Коомдук ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негиздегендери:

  • 2001 — «Айтыш» коомдук фонду,
  • 2004 — "Калемгер" адабий клубу,
  • 2006Айтыш Фильм киностудиясы,
  • 2011 — «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» фестивал,
  • 2015 — Эл аралык Азия өлкөлөрүнүн «Asian Word Film Festival» кинофестивал[3].

Мүчөсү

  • «Кыргызстан маданияты» газетинин редколегиясы,
  • Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу,
  • Кыргыз Республикасынын маданий ишмерлердин ассамблеясы.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Режиссёр:

  • 2007 — «Биринчи кадр» 60 мүн. (Көркөм тасма)
  • 2008 — «Чынгыз өлбөс болсочу» 10 мүн. (Документалдуу тасма).
  • 2009 — «Форс Мажор» 6 мүн. (Кыска метраждуу).
  • 2009 — «Аян» 10 мүн. (Кыска метраждуу).
  • 2014 — «Курманжан Датка» 135 мүн. (Тарыхий көркөм тасма)[4][5].

Сценарийлери:

  • 2007 — «Гүл» 4 мүн. (Анимациялык тасма).
  • 2007 — «Биринчи кадр» 60 мүн. (авторлошу М. Алыкулов).
  • 2007 — «Парз» 23 мүн. (авторлошу Т.Бирназаров).
  • 2009 — «Аян» 10 мүн.
  • 2009 — "Карусель" 15 мүн. (Ю.Чирковский, В.Шахкельдян Орусия-Кыргызстан).

Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак таңдайлар. – Б.: Бийиктик, 2005. – 250 б. (авторлош).

Сыйлыктары жана Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2004 — ЮНЕСКОнун генералдык директору Коитиро Мацууронун маданиятка кошкон салымна өзгөчө алкышы жарыялаган.
  • 2006 — Мамлекеттик Кеңешчинин 3 классттагы ченини;
  • 2006 — Президенттин Ардак Грамотасы;
  • 2011 — Маданиятка Эмгек Сиңирген ишмери;
  • 2015 — «Даңк» медалынын ээси;

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. История министерства. Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2017.
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2017.
  4. Kurmanjan Datka (2014) - IMDb
  5. Sadyk Sher-Niyaz, Archived 2021-05-18 at the Wayback Machine Kurmanjan Datka

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]