Курманжан Датка (тасма)

Википедия дан
Курманжан Датка

Курманжан Датка (Kurmanjan Datka) тасманын постери
Жанры

Драма
Биография
Тарыхый

Директору

Садык Шер-Нияз

Режиссёру

Садык Шер-Нияз

Продюсери

Жылдызкан Жолдошова
Садык Шер-Нияз
Фархад Бекманбетов
Зейне Касманкуова
Бретт Сайсон

Сценарийдин
автору

Бакыт Турдубаев
Садык Шер-Нияз

Башкы ролдордо

Элина Абай кызы
Назира Мамбетова
Азиз Мурадиллаев

Оператору

Мурат Алиев

Композитору

Бакыт Алишеров
Мурзали Жээналиев

Кинокомпания

Кыргызфильм
Айтыш фильм

Узактыгы

135 мүнөт

Бюджети

1,5 млн. $

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча
Орусча

Жылы

2014

IMDb

ID 2640460

Super.kg

ID 3449

«Курманжан Датка» (англ. Kurmanjan Datka) — «Алай ханышасы» аталган Курманжан Датка тууралуу көркөм, тарыхый, биографиялык драма[1][2][3][4], режиссеру — Садык Шер-Нияз. Кыргызстандын тарыхындагы эн алгачкы тарыхый тасма

Бул тасма Кыргызстандын эң кымбат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тапшырылган биринчи тасмасы. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу баяндалат. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта Монреаль кинофестивалында болгон. Ал фестивалдын Focus on World Cinema[5][6] программасынын конкурстан тышкаркы көрсөтүүсүндө белгилүү маданий портал болгон CULT #MTL Archived 2014-08-23 at the Wayback Machine басылмасы тарабынан The Best of the World Film Festival 2014 тизмегине кирген. Сатыкка 2014-жылдын 31-август күнү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата чыккан[7][8]. Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясына сунушталган[9]. Мындан тышкары Орусиялык «Ника» киносыйлыгына да көрсөтүлгөн[10].

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмада «Алай ханышасы» Курманжан Датка тууралуу, ошол кездеги кыргыз элинин Кокон хандыгы жана Орус империясынын башкаруу жылдарындагы көргөн кыйынчылыктары көрсөтүлөт. Курманжандын кичинекей кезинде эле 10 уулга тете, элди башкарчу кыз экендиги айтыла баштайт.

Курманжан чоңоюп, бой жеткен кезде жалган жалаа менен күйөөсүнүн көзүнө чөп салды деп айыпталган жаш келинди жергиликтүү калк аны ташбаранга алып жазалайбыз дегенде Алымбек Датканын ал келинди далили жок жазага тартканы жатканда куткарып калганына күбө болуп калат. Ошондо жаш Курманжан Алымбек Датка менен таанышат.

Кичинекей кезинен эле Кулсейитке жар кылып, ага сөйкө салып, ата-энеси кудалашып койгон Курманжан аргасыздан бөлөк үй-бүлөөгө келин болуп келет. Бирок мындай турмушка моюн сунбай, түнү менен кайын журтуна келет. Эртеси куда тарап келип, Курманжанды кайра алып кетмекчи болгондо Алымбек Датка келип куткарып калат. Себеби Курманжан Алымбекке сиз мага өзүңүз теңсиз деп адилетсиздикти болтурбаңыз деп иниси Акбалбандан кат жиберет.

Алымбек Акбалбандын мыкты көзгө атар экенин угуп, эжеси менен кошо ала кетип, жигит башы кылат.

Кокон ханынын башчысы Кудаяр хан Алымбекке салыктын аз чогултулуп жаткандыгын жана Жантай баштаган аркалык кыргыздар Кокон хандыгына каршы чыгып жаткандыгын айтып, аны хандыкка каршы турбастыгын эскертет жана чапан жаптырат.

Курманжан бир келиндин күйөөсүнүн өлгөнүнө бир жыл боло элек жатып, аны кайнагасы алам деп жатканын угуп, Алымбекке айтайын дегенде Акбалбан тосуп, киргизбей коёт. Ошондо Курманжанжандын аялдын укугу тепселенип жатат деген сөзүн Алымбек угуп калып, ага кыргыздардын баардык урууларын чогултуп, Алайда биригип курултай өткөргүсү келип жаткандыгын айтат.

Алымбек кыялындагысын ишке ашыруу үчүн аркалык кыргыздарга, Жантайга келет. Бирок ошол кезде Жантай катуу ооруп, төшөктө жаткан болот, бирок ошого карабастан Алымбекти тосуп алып, шаан-шөкөт уюштурат. Алымбек өз кезегинде Анжиян кыргыздарынын ынтымак тилеги жазылган грамотаны тапшырат. Ошондо Жантай уулуна, Шабданга кыргыз уруулары биригип, курултай өткөргөнү жатышкандыгын жана бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, биримдиктүү эл болуп, душмандын мизин кайтаруу керектигин айтат. Алымбек кайта кайтмакчы болгондо, Шабдан аны узатмакчы болот. Жолдон ат күлүгүн сынашып, көпкө чейин жарышып келишет. Бирок ошол кезде бир жамандыкты сезген Алымбек Шабданга атасына баруусун айтат. Шабдан келгиче, Жантай каза болот.

Ал убакта Алымбектин түндүк кыргыздарга баргандыгы тууралуу кабар Кокон сарайына да жетип барат. Ачуусу клген Кудаяр хан Алымбектин башын алууну буйруйт. Алымбек жолдон келе жатып, жол жээгиндеги мечиттен намаз окуй кетели деп киргенде аларды эчак кокондуктар күтүп турган болот, башында Чотон деген кыргыз болот. Алымбек жандоочусуна өзүнүн атын минип, Курманжанга кабар жибертип, кетирип жиберет. Ал эми өзү акыркы намазын окуп жатканда каза болот.

Ага чейин кокондуктар Алымбектин айылына келип, бирок өзү жок экенинен кийин, Курманжанды кууп башташат. Курманжан токойго кире качып, андан чыгып кумдуу дөңдөрдөн кууп жүргөн немени адаштырып, бушайман кылат. Бирок акыры бийик үзүк жерге барып такалып, артынан келе жатканда бийик жерден сууга секирип кетет. Ошол жерде Курманжандын колдоочусу жолборс чыгып, беркинин жүрөгүн түшүрөт.

Акбалбан кокондуктар Алайга көп сандаган кол менен келе жаткандыгын айтып, Даткайымды бүт айылы менен көчүп, белди ашып чыгып кетсин деп чабарман жиберет.

Эртеси кокондуктарга кантип кол салабыз деп турганда Сарымсак баштаган кыргыздардын бир тобу биз душманга жем болборбуз, бизге дел мал керек, бизге деле жан керек деп согушка катышпай тургандыгын айтышат. Ошондо Курманжан ал мырзаларга кыргыз элин душмандан коргой албасак, тукум улоого акыбыз барбы? Баарыбыз биригип, бир найза алдында салгылашалы деп жигиттерди кайра көндүрөт:

Сабырыңар суз мырзалар! Сен Сарымсак, кетели дейсиң, мейли. Ата-баба калтырган жерди душманга тепсетип тарап кетели, анда биздин тукум улашка акыбыз барбы? Кокон аскери күчтүү, а жаныбыз - кымбат. Бирок эртеңки эл азаттыгы, урпактарыбыздын бактысы андан да кымбат го?! Силер тарап кете бергиле, биз калабыз. Анткени душманды өткөспөскө айылдан антташып чыкканбыз. Кан Манастын тукуму ушинтип артка качат беле?! Тизе бүккүчө, тик туруп өлгөнүбүз артык эмесби? Илгертен кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле? Кыргыз уулу үчүн, найзанын учунда, кылычтын мизинде өлгөндөн артык эмне бар эле?! Сен Борончу, артка качсаң аялыңды кимге калтырасың? Сен Санжарбек, Гүлайымың кимдин этегине корголойт? Биз силер менен чогуу болгонго башыбызды байлап келдик. Силер найза урсаңар, биз таш кулаталы, жаа тартсаңар жебе сунуп, жаныңарда туралы. Өлсөк чогуу бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө силерди сүйөп туралы, кандай дейсиңер?!

Капчыгайдан Курманжан баштаган кыргыздар душмандын мизин кайтарышат. Аны уккан Эмир Кокон сарайына келип, Кудаярдан Алымбекти өлтүргөн ким деп сурайт жана ал Чотон деген кыргыз экенин укканда, аны өлтүрүүгө буйрук берет. Чотонду базардын четинен, кууш көчөдөн өлтүрүп, башын куржунга салып алып кетишет.

Эмир Алайга Алымбектин сөөгүн өзү алып барат. Курманжан анын эмир экендигин билген эмес, себеби ал бетин жаап алып, элчи деп келген. Эмир Музаффар бир датка өлсө, экинчиси бар, ал сиз деп Курманжанды датка кылып дайындайт.

Курманжан Даткага Шабдан баатыр кат жөнөтүп, анда Алымбектин жана Шабдандын атасы Жантайдын көптөн берки тилеги болгон курултайды өткөрүү үчүн элдерди топтоп, ага катышайын деп жазат. Жана дагы орустун аскерлерине туруштук бере албастыгын туюп, алар койгон шартка макул болуп, Орус империясынын курамына өткөндүгүн айтат. Алай эли да көп каршылык көрсөтпөстөн, көп кан төкпөстөн багынып берүүгө үндөйт.

Михаил Дмитриевич Скобелев Кокон хандыгы алсыздап калгандыгынан улам аларга чечкиндүү сокку уруу керектигин айтат.

Хан ордосу кыйрап, анын туусу Курманжанга тиет. Ал туу канга өтө эле малынып калган экен дейт. Ошондо улуу баласы Абдылдабек орустарг бизге жакшылык кылабы дегенде Камчыбеги орусту бүгүн токтотосуң, ал эми эртең кокондуктарга моюнуңду сунуп бересиң деп айтат. Абдылдабек энесинин айтканына карабай, ким мени менен бир болуп, душмандын жолун тосом десе, Жаңырык деген тоого эртең келсин деп чыгып кетет.

Эртеси орустарга кол салаарда Абдылдабек Сарымсакты көрөт. Кыргыз элин сатканына жини келген Абдылдабек Сарымсакты атканда тийбей калат. Ошондо ал орустарга кыйкырып, буктурма экендигин айтат. Кыргыздар ат чаптырып келип, кол салаарда орус аскерлери замбиректин огу менен тосуп алат. Көптөгөн жоокер каза болот жана Абдылдабек Сарымсакты өлтүрөөрдө анын жанынан ок жарылып, жарадар болуп калат. Кыргыздар аргасыздан артка кайтышкан.

Орус императору Кокон 2 күндө багынып берген, ал эми бул тоону жердеген калк эки айдан бери каршылык көрсөтүп келет деп айткан. Ошондо ага "Алай ханышасы" кан төгүүсүз орустарга баш ийүүгө макул экендигин билдиришет. Император М. Д. Скобелевди жергиликтүү калкты жакшы билет деп жиберет.

Курманжан Датка Орус империясына кошулуу үчүн атайын документтерге кол коюп, андагы орустардын кыргыз элине берген жеңилдиктери менен таанышат. Ошондо Скобелев Даткайымдын кайраттулугуна, акылдуулугуна, ал баштаган кыргыз жоокерлерине баа берээрин жана ушундай эр азаматтарды өстүргөн Курманжан Даткага аны да уулу катары эсептешин суранган.

Көп өтпөй Курманжан орустардан жеңилүү ызасын тарткан бирок тайманбас уулу Абдылдабек менен жоолугат. Анда Абдылдбек душмандын ата-бабасы байырлаган жерде жүргөнүнө жүрөгү чыдабасын айтып, Ооганга барып, көп кол топтоп келээрин айтып жөнөп кетет.

Генерал Скобелев императордун буйругу менен Балканга кетип жаткандыгын айтып, коштошуу үчүн Курманжанга келет. Анын ордуна Александр Николаевич Повало-Швейковский дайындалганын айтып, жол тартат.

Алымбек Датканын тилеги орундалып, курултайга анын жандоочусу Алоокени Даткайым баш-көз болуп берүүсүн өтүнөт. Шабдан баатырды күтүп жатышкандыгын жана баардык уруулардын туусун тегерете орнотулган мамыларга байлап жатышкандыгын айтат.

Акбалбандын Оогандан контрабандалык жүк алып баратат деп өткөрмө түйүндөн текшерүүгө алганда, орустар сандыкты ачуу үчүн ачкычты Камчыбектин аялынын чачын кесип алганда Акбакбан буга чыдабай баарын өлтүрүп салат. Өлүктөрдү жашырып, кайтып келе жатканда жаанын жебесин Камчыбектин алына атат. Артынан келген күзөтчүлөр жебени салыштырып, окшош экенидигинен улам, Камчыбекти жана Акбалбанды алып кетишет.

Курманжан муну уккан соң Повало-Швейковскийге келип, уулун бошотууну суранат, себеби Камчыбектин кылмыш кылынган жерде жоктугу далилденген. Бирок генерал согуш мезгилиндеги мыйзам боюнча кол алдындагылары үчүн башчы жооптуу деп, өз оюнан танбай коёт жана курманжан Даткага чек араны бузуп өтүп баратканда кармалгандардын бирөөсү колуна кутучаны бекем кысып "Абдылдабек" деп кайталап жерин айтат. Ал кутучаны кереги тиет деп Даткага берет. Чек араны бузуп кармалгандардын бири Абдылдабектин досу, комузчу Ниязаалы болот, аны көргөндө Курманжан баласы тууралуу сураганда анын кайтыш болгонун комуздун күүсү менен айтып берет. Даткайым бир уулумдан айрылдым, Камчыбекти аман алып калгыла деп жигиттерге буйруйт. Түрмөдө отурган Акбалбанга жебе огуна оролгон кат келет.

Курманжан катуу сыркоолоп, көзүнө жолборс көрүнүп, катуу ойлонууга чөмүлөт. Ошондо ал чечим чыгарып, Камчыбекти куткаруудан баш тартат, себеби орустардын чечимине каршы чыккандык мындан да көп кан төгүлүүгөо алып келмек. Түнү менен ал кат жазат жана мурда Алымбек курултай өткөрөм деген жерге келет.

Курултайга келе жаткан Шабдан баатырды жана анын колун Алайдын оозунан орус аскерлери Камчыбекти дарга асууга тоскоол болот деп киргизбей коюшат.

Камчыбекти түрмөдөн алып чыгарышып, дарга асышмакчы болгондо жигиттердин бирөөсү Камчыбекке белги берет, ошондо ал бычак менен колундагы жипти чечейин деп жатканда атчандар дарбазанын алдына топтолуп калат. Генерал кыргыздар каршылык көрсөткөнү жатат деп орус аскерлерине белги берейин деп жатканда айтылуу Курманжан өзү келет. Эл жол бошотуп берип, Камчыбектин алдына келгенде Камчыбек түшүнүп, элдин каны төгүлүп кетпеси үчүн дарга асылат. Мойнуна жип салып жатканда дубалдын артындагы тоолорду, ата-мекенин карап, ылдый кеткен кезинде көзүнө атасы- Алымбек Датка көрүнөт.

Камчыбек дарга асылгандан кийин аны сөөгүн ак кийизге ороп, Даткайым алып кетет. Ошондо гана Шабдан Алайга кирет жана курултайга Курманжан Датканын элди биримдикке чакырган катын, кайрылуусун окуйт.

1906-жылдын июнь айында орус саякатчысы жана келечектеги Финляндиянын маршалы Карл Густав Эмиль Маннергейм Алайга барып, Курманжан менен жоолугат. Бир нече жолу сүрөткө тартып, акыркы пластинасын Курманжанды тартуу үчүн калтырган. Небереси менен аттын үстүндө турган Даткайым бул саякатчынын аты ким деп сураганда, небереси Маннергейм деп айтат. Маннергеймге ыраазы болгон Курманжан Датка анын турмушу оомат болот, аны улуу иштер күтүп тургандыгын айтып, күн батышты караганда көзүнө колдоочусу жолборс көрүнөт.

Фильмдин аягында ошол сүрөттөрдүн фонунда негизги маалыматтар көрсөтүлүп, титрлер кетет.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Курманжан 3 — 4 жаштагы кезин — Лунара Аясканова
  • Курманжан Датка 16 жана 40 жаштагы кезин — Элина Абай кызы[11]
  • Курманжан Датка 50 — 60 жаштагы кезин — Назира Мамбетова[12]
  • Курманжан Датка 90 жаштагы кезин — Жамал Сейдакматова
  • Алымбек Датка — Азиз Мурадилаев[13]
  • Акбалбан — Мирлан Абдулаев[14]
  • Камчыбек — Адилет Усубалиев[15]
  • Абдылдабек — Адыл Болорбек уулу[16]
  • Эмир Музаффар — Ашыр Чокубаев[17]
  • Кудаяр Хан — Жениш Сманов
  • Жантай Хан — Акылбек Абдыкалыков
  • Шабдан баатыр — Улан Өмүралиев[18]
  • Элтойду — Нурбек Саматов[19]
  • Генерал Скобелев — Александр Голубков[20]
  • Генерал Швыйковский — Василий Ползунов[21]
  • Чотон — Рыспек Жумабаев[22]
  • Император — Дмитрий Матлин
  • Генерал Ионов — Дмитрий Митрофанов
  • Генерал Кауфман — Виктор Костецкий
  • Генерал Милютин — Леонид Мозговой
  • Граф Гейден — Александр Машанов[23]
  • Генерал — Роман Лазарев
  • Маннергейм — Дмитрий Романченко[24]
  • Кулсейит — Өмүрбек Насыпбек уулу
  • Маматбай — Руслан Курманалиев
  • Соно — Динара Абдыкадырова[25]
  • Миңбашы — Султанбек Дикамбаев[26]
  • Акбалбан 9 жаштагы — Айбек Кокеев
  • Камчыбек 6 жаштагы кезин — Нурдавлет Бакиров
  • Абдылдабек 9 жаштагы кезин — Нурмухаммед Бакиров
  • Кулсеиттин досу — Камчы Сарыбаев
  • Элтойду (карыган кезин) — Абдыкалык Акматов
  • Жантай хандын аялы — Шайгуль Алсеитова
  • Асел (Камчыбектин аялы) — Гульнур Асанова
  • Айтбүбү (Абдылдабектин аялы) — Чолпон Идрисова
  • Ниязаалы — Руслан Жумабаев
  • Алдаяр — Акылбек Мураталиев
  • Кулсеиттин апасы — Айнура Тургунбаева
  • Улуу агасы — Нурислам Бекболотов
  • Базардагы карыя — Дилдорбек ажы Рахмонов[27]

Тартуу тобу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Режиссеру — Садык Шер-Нияз
  • Сценарийдин авторлору — Садык Шер-Нияз, Бакытбек Турдубаев[28], Султан Раев[29]
  • Продюсерлер — Жылдызкан Жолдошева[30], Садык Шер-Нияз
  • Аткаруучу продюсер — Фархад Бекманбетов[31]
  • Оператор-коюучу — Мурат Алиев
  • Сүрөтчү-коюучулар — Жамал Кожахметов[32], Абылкасым Исмаилов[33]
  • Үн режиссеру — Бакыт Ниязалиев[34]
  • Композиторлор — Бакыт Алишеров[35], Мурзали Жээналиев[36]
  • Костюм боюнча сүрөтчү — Инара Абдиева[37]
  • Грим боюнча сүрөтчү — Ирина Самойленко[38]
  • Экинчи режиссер — Елизавета Стишова[39]
  • Кастинг боюнча директор — Акылбек Абдыкалыков[40]
  • Монтаждын режиссеру — Элдияр Мадаким[41]
  • Оператор — Акжол Бекболотов[42]
  • Үн коштоосу — Александр Панченко[43]
  • Үндү жазуу — Иван Бобин
  • Ыкмаларды коюучу — Султанбек Дикамбаев[44]

Тартуу иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуянын чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курманжан Датка тууралуу фильм тартуу демилгеси ал кездеги Кыргыз Республикасынын Депутаты Жылдызкан Жолдошевага таандык. Көп жылдан бери ойлонуштурулуп келе жаткан ой[45] (20 жылдан бери)[46] көп жыл өткөн соң өкмөт тарабынан колдоого алынган жана «Курманжан Датка» тарыхый кинотасманы [2] тартуу иштерин баштоо тууралуу токтом чыккан[47].

Сценарий[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фильмдин сценарийин Садык Шер-Нияз Бакытбек Турдубаев жана Султан Раев менен биргеликте жазышкан[48]. Сценарийди жазуудан мурда авторлор көптөгөн тарыхый документтерди ар кайсы булактан издеп таап, аларды изилдешкен жана сценарий кино тартуу учурунда бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Тартуу иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартуу иштери 2 жылга созулган. Бул кинотасма Кыргызстандын эң кооз жерлеринде тартылган. Тартуунун биринчи этабы 2012-жылдын жай айларында Чункурчак капчыгайында (Чүй өрөөнү), андан соң өлкөнүн түштүк тарабында өткөн. Ошто жана Гүлчөдө тасманын эң бир негизги эпизоддору тартылган: Камчыбекти даргага асуу жана Мурдаш капчыгайындагы (Алай району) кокондуктар жана кыргыздардын салгылашуусу. Бул эпизоддордо масоовканын көпчүлүк бөлүгү тартылган, 1000 адамдан ашык. Оштун жүгөрү талаасында (Камчыбекти даргага асуу жери) атайын сүрөтчүлөр тарабынан Орус аскер гарнизону жыгач конструкцияларынан курулган[49]. Бул иштер 2 айга чейин созулган. Кичинекей Курманжан жана манасчынын тартуу иштери Таластын Сары-Үңкүр деген үңкүрүндө тартылган. «Куугун» эпизоду (Курманжандын кокондук жалданма аскерлердин кубалашы) Жети-Өгүздө, ал эми бул эпизоддун уландысы (Кумдуу жерлер жана Курманжандын жардан секирген жери) Таш-Көмүрдөн тартышкан. Курманжандын секирген жерин ыкмаларды коюучу, каскадер Султанбек Дикамбаев аткарган.

Тартуунун экинчи этабы 2013-жылдын жайында улантылган. Ысык-Көлдүн жээгинде, Каджы-Сай жана Жети-Өгүз өрөөнүндө өткөн жана 3 ай убакыт коротулган. «Жантай Хандын тою», «Орус аскерлери менен салгылашуу» эпизоддору да көптөгөн адамдарды катыштырган. Орус аскерлерин Жети-Суу казактары (Казак улуту эмес, жоокерлер) аткарышкан. Жергиликтүү калк тартуу иштерине колдон келген жардамдарын беришкен, боз үйлөрдү, аттарды жана массовкага да катышышыкан.

Бул кинотасма мамлекет атайын тапшырык кылган биринчи тасма. Тартуу иштерине бардыгы болуп 10 миңдей адам тартылган.

Тасмадагы музыка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фильмдин композиторлору мыкты чыгармаларын жазышып, фильмдин көркүн ачышкан. Алар — Бакыт Алишеров жана Мурзали Жээналиев. Тасмадагы кээ бир эпизоддор белгилүү ырчы Гүлзаданын үнү менен коштолгон. Элмирбек Иманалиевдин сөзүнөн жазылган ырларды (фильмде Курманжан жазган жана окуган ырлар) белгилүү ырчы Каныкейдин аткаруусунда «Курманжандын Алымбек Даткага жазган каты» деген ыр чыккан [4].

Бюджет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын бюджети 1,5 млн АКШ долларын түзгөн. Каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүштүрүлгөн.

Сыйлыктар жана номинациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөлүк премьера
The Best of the World Film Festival 2014 тизмесине кирген
Калыстар тобунун атайын сыйлыгы
  • 2014 — III Эл аралык Нью-Йорктогу Евразиялык кинофестиваль (New York EURASIAN Film Festival, АКШ):[54]
Мыкты тасма
Мыкты айымдардын ролу
Мыкты сценарий
Мыкты айымдардын экинчи пландагы ролу
Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү сыйлыгы
  • 2014 — Эл аралык улуттук жана этникалык кинолордун фестивалы «Акбузат», Уфа шаарында (Башкортостан):[56]
«Элдин тарыхын мыкты көркөм чагылдыруу» сыйлыгы
Мыкты операторлук иш үчүн атайын Гильвин Амировдун сыйлыгы
  • 2014 — 26-чы Палм-Спрингс Эл аралык кинофестивалы (Palm Springs International Film Festival, АКШ):[57]
«Best of the best 2014» тизмесине кирген
Ачылыш тасмасы[58]
  • 2015 — Улуттук «Ника» кинематографисстердин сыйлыгы  (Россия)
«КМШ өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» категориясындагы талапкер[59][60][61][62]
  • 2015 — Тибурон Эл аралык кинофестивалы (Tiburon International Film Festival, АКШ):[63][64][65]
Мыкты фильм
Мыкты оператордук иш
Калыстардын атайын сыйлыгы — Golden Flag
Мыкты көрүүчүлүк тасма, режиссер: Садык Шер-Нияз, продюсерлер: Жылдызкан Джолдошова, Фархад Бекманбетов
Мыкты монтаж, Элдияр Мадаким
Мыкты үн режиссеру, Бакыт Ниязалиев
Мыкты композитор, Бакыт Алишеров, Мурзали Жеенбаев
Мыкты сценарий, Садык Шер-Нияз, Бакыт Турдубаев, Султан Раев
Мыкты оператор, Мурат Алиев
Мыкты айым ролу, Назира Мамбетова
Мыкты мырза ролу, Азиз Мурадиллаев
Мыкты режиссер, Садык Шер-Нияз
Мыкты тасма, режиссер: Садык Шер-Нияз, продюсерлер: Жылдызкан Джолдошова жана Фархад Бекманбетов
Мыкты толук метраждуу тасма үчүн Гран - При
Атайын сыйлык

Бет ачары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын дүйнөлүк бет ачары Эл аралык Монреаль кинофестивалында 2014-жылдын 22-августунда өткөн. «Дүйнөлүк кинематографдын борбору» секциясында көрсөтүлгөн. Ал эми улуттук премьера «Манас» кинотеатрында 31-август күнү, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон.

Прокат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын кеңири прокаты бет ачар күнүнөн баштап эле башталган, 31-августта. Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлгөн [3] бул тасма улуттук прокатта 18 жума бою алдыда болуп, голливуд тасмаларынын көрсөтүүлөрүнөн да ашып түшкөн (өлкө ичинде). Кассалык киреше жергиликтүү прокатта 30 млн сомду түзгөн[87]/

Сын-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Курманжан Датка» тасмасы чыга элек кезде эле көптөгөн пикирлер айтыла баштаган. Ал пикирлер оң жана терс болуп бөлүнүп, бирок оң пикирлер, чет өлкөлүк киносынчылардын мактоолору көп болгон. Мисалы, орусиялык киносынчы Елена Стишова «Искусство кино» журналындагы рецензиясында бул тасманын тарыхты элге мыкты деңгээлде жеткиргендигин баса белгилеген:

…режиссер Шер-Нияз орус аскерлери менен болгон эпизоддорду ашыкча сылыктык, сыпайылык менен тарткан деп ойлойм. Чыныгы окуя кичине кооздолгон. Орус генералдары кыргыз эне менен жоолугушуулары европалык дипломаттар менен жоолуккандай кооз, сылык стилде өткөн деп ойлобойм. Курманжандын кармалып, Скобелевдин алдына душман катары алып келингени белгилүү. Окуялар, чындыгында, башка нукка бурулган. — Елена Стишова [88]

Казак киносынчысы Гульнара Абикеева бул тасма ага өзгөчө таасир бергендигин айтат. Сынчы тасманын татыктуу болгондугун баса белгилейт. Өзүнүн «Наше кино» берүүсүндө тасманын бюджетине өзгөчө токтолуп кеткен:

…«Курманжан Датка» тасмасынын бюджети 1,5 млн.долларды түздү. Салыштыруу үчүн айта кетели, «Жаужурек мын бала»нын бюджети 12 млн.доллар, ал эми «Кочевник» (Көчмөн) тасмасыныкы андан да көп, 37 млн.доллардын тегерегинде болгон. Бул биз үчүн жакшы абак болот, себеби тарыхый тасмаларды арзан тартса болоорун биз билдик. Мынчалык аз каражат менен ушунчалык мыкты тарыхый тасма жаралды. Бул тасманы тартуу үчүн бир гана кесип (режиссерлук) эмес, керектүү деңгээлде эрктүүлүк жана бул долбоорду аягына чыгара турчу күч керек. — Гульнара Абикеева [89]

СССРдин эл артисти Асанали Ашимов дагы тасмага оң пикирин билдирди:

… көрүү үчүн мыкты тасма, анда чыныгы кооз жерлер, тоолуу эл жана эски каада-салттар чагылдырылган. Бул тасманы көрүп жатып мен бул улуу айым тууралуу (Курманжан Датка) көптү билдим. Фильм биздин Советтик Союз кездегидей болуптур, бул биздин стилдеги тасма. — Асанали Ашимов[90]

Казак ССРнин эл жазуучусу, акын, адабиятчы Олжас Сулейменов :

… тасма кубанычтуу түрдө чыкты, мындай тасмалар бүтүндөй элди жыйнайт. Кино үчүн эң башкы жоготуу бул — көрүүчүлөрдөн айрылуу. Мындай фильмдер казак элине да, башка эгемендүүлүккө жетип жаткан элдер үчүн керек. Жаштар аталардын жана чоң аталардын мекен үчүн болгон күрөшүн, эрдиктерин билиши керек. Бул тасма мени чыныгы тынчсызданууга жана ойлонууга түрткү берди. Мен тажрыйбалуу көрүүчү болсом дагы, бул фильм мага таасир калтырды.

Лос-Анджелестеги Egyptian Theatre болгон тасманын бет ачарына катышкан Голливуддук актриса Шерон Стоун бул тасмага жогорку баа берип, элдин баарын көрүүгө чакырды:

… Биз азыр эпикалык, тасмаларды аз көрүп калдык. А бул кино чыныгында мыкты, эпикалык, тарыхый, тасма экен. «Оскар» сыйлыгын алууга толук мүмкүнчүлүгү бар. — Шерон Стоун[91]

Мындан тышкары ар бир талашта терс ой болот дегендей, башкача пикирлер да бар. Курманжандын белгилүү Камчыбекти дарга асып жаткандагы "Ажалга тике кара" деген сөзү тасмада айтылбай калыптыр дегендер көп.

Бирок баардык сын-пикирлерди алып караганда тасма мактоолорго көп татыган.

Улуу Британиянын авторитеттүү, көп тираждуу гезити болгон «The Guardian» гезити тасма үчүн чоң тилкени камдаган. Анда бул тасма кыргыз кинематографиянын тарыхындагы көлөмдүү блокбастер деп атаган[92].

Америкалык киносынчы Алисса Саймон «Variety» журналынын бетине мыкты режиссердук жана оператордук ишти жазган[93].

Монреаль кинофестивалында бул фильм көрүүчүлөрдүн жана сынчылар тарабынан фестивалдын мыкты тасмасы деп таанылып, 2014-жылдын мыкты чыгармаларынын катарына кошулган жана канадалык гезит-журналдарына көп санда чыккан[94].

Монреалдык белгилүү басылма THE GAZETTE режиссер менен болгон маегин гезит бетине жазып чыгарган[95].

XI Казань Эл аралык мусульман киносунун фестивалында кинорежиссер, сценарист, "Оскар" сыйлыгынын ээси, Орусиянын Эмгеги сиңген артисти Владимир Меньшов  Гран - прини тапшырып жатып бул тасма сабак болчу фильм деп айткан:

...бул тасма - мыкты иш, бул тасма — мыкты окуя! — Владимир Меньшов[96][97][98][99][100]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.lasplash.com/publish/Film_106/kurmanjan-datka-queen-of-the-mountains.php
  2. http://www.presspassla.com/sharon-stone-hosts-vip-screening-kurmanjan-datka-queen-mountains/
  3. http://variety.com/2014/film/reviews/film-review-kurmanjan-datka-queen-of-the-mountains-1201388282/
  4. http://www.latimes.com/entertainment/movies/la-et-mn-kurmanjan-datka-review-20141124-story.html
  5. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 19 -май (бугу) 2015.
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2011.
  7. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 6 -март (жалган куран) 2016.
  8. http://www.knews.kg/culture/57657_kyirgyizstantsyi_mogut_pomoch_filmu_kurmanjan_datka_stat_blije_k_oskaru/
  9. http://variety.com/2014/film/news/oscars-record-83-films-submitted-for-foreign-language-prize-1201326138/
  10. http://www.news-asia.ru/view/ks/culture/7965
  11. http://www.imdb.com/name/nm6719987/?ref_=ttfc_fc_cl_t1
  12. http://www.imdb.com/name/nm0541035/?ref_=ttfc_fc_cl_t2
  13. http://www.imdb.com/name/nm5481932/?ref_=ttfc_fc_cl_t3
  14. http://www.imdb.com/name/nm5480231/?ref_=ttfc_fc_cl_t5
  15. http://www.imdb.com/name/nm5481295/?ref_=ttfc_fc_cl_t4
  16. http://www.imdb.com/name/nm6395727/?ref_=ttfc_fc_cl_t21
  17. http://www.imdb.com/name/nm0158931/?ref_=ttfc_fc_cl_t23
  18. http://www.kinopoisk.ru/name/1456287/
  19. http://www.imdb.com/name/nm6395728/?ref_=ttfc_fc_cl_t56
  20. http://www.kinopoisk.ru/name/1550800/
  21. http://www.imdb.com/name/nm5500086/?ref_=ttfc_fc_cl_t52
  22. http://www.imdb.com/name/nm6645136/?ref_=ttfc_fc_cl_t37
  23. http://www.kinopoisk.ru/name/1481688/
  24. http://www.imdb.com/name/nm6645141/?ref_=ttfc_fc_cl_t53
  25. http://www.imdb.com/name/nm5479143/?ref_=ttfc_fc_cl_t6
  26. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  27. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 22 -февраль (бирдин айы) 2016.
  28. http://www.imdb.com/name/nm6650491/?ref_=fn_nm_nm_1
  29. http://www.literatura.kg/persons/?aid=17
  30. http://www.imdb.com/name/nm6650499/?ref_=ttfc_fc_cr3
  31. http://www.imdb.com/name/nm3401035/?ref_=fn_nm_nm_1
  32. http://www.imdb.com/name/nm6275268/?ref_=ttfc_fc_cr12
  33. http://www.imdb.com/name/nm3120482/?ref_=ttfc_fc_cr11
  34. http://www.imdb.com/name/nm0633291/?ref_=ttfc_fc_cr28
  35. http://www.imdb.com/name/nm6392035/?ref_=ttfc_fc_cr7
  36. http://www.imdb.com/name/nm4405661/?ref_=ttfc_fc_cr8
  37. http://www.imdb.com/name/nm3922454/?ref_=ttfc_fc_cr13
  38. http://www.imdb.com/name/nm6275275/?ref_=ttfc_fc_cr16
  39. http://www.kinopoisk.ru/name/1192546/
  40. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  41. http://www.imdb.com/name/nm5554545/?ref_=ttfc_fc_cr10
  42. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=445:akjol-bekbolotov&catid=3:director-&Itemid=55&lang=ru
  43. http://www.imdb.com/name/nm1482023/?ref_=fn_nm_nm_1
  44. http://www.imdb.com/name/nm2397953/?ref_=ttfc_fc_cl_t25
  45. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 15 Апрель 2015.
  46. архив көчүрмөсү.
  47. http://kenesh.kg/RU/Articles/2408-Informaciya_o_meropriyatiyax_posvyashhennyx_200letnemu_yubileyu_Kurmanzhan_Datki.aspx
  48. http://kabarlar.org/news/29967-nad-scenariem-filma-kurmanzhan-datka-rabotali-tri-cheloveka-sraev.html
  49. http://www.limon.kg/news:59828
  50. http://cultmontreal.com/2014/08/the-best-of-the-world-film-fest-2014/
  51. http://www.ffm-montreal.org/183-fr_reine-de-la-montagne.html
  52. http://www.kgembassy.org/index.php?option=com_content&view=article&id=414:2014-08-19-06-07-48&catid=44:latest-news&Itemid=236&lang=ru
  53. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2015.
  54. http://www.nyeurasianfilmfestival.org/#!winners-2014/c162a
  55. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 3 Апрель 2015.
  56. http://tdnu.ru/article/culture/v-ufe-sostoyalos-torzhestvennoe-zakrytie-kinofestivalya-akbuzat
  57. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 2 Апрель 2015.
  58. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 2 Апрель 2015.
  59. http://www.proficinema.ru/mainnews/awards/detail.php?ID=177366
  60. https://news.mail.ru/inworld/kyrgyzstan/society/21025770/(жеткиликсиз шилтеме)
  61. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 7 -июль (теке) 2015.
  62. http://kloop.kg/blog/2015/02/11/kurmanzhan-datku-nominirovali-na-odnu-iz-glavnyh-rossijskij-premij-nika/
  63. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 18 -май (бугу) 2015.
  64. http://ru.sputnik.kg/culture/20150421/1015178684.html
  65. http://www.tiburonfilmfestival.com/eventInfo.php?event_id=226
  66. http://ru.sputnik.kg/culture/20150504/1015355253.html
  67. http://www.limon.kg/news:65783/
  68. http://rus.azattyk.org/archive/ky_News_in_Russian_ru/20150504/4795/4795.html?id=26992224
  69. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 18 -май (бугу) 2015.
  70. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 2 Апрель 2015.
  71. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 19 -май (бугу) 2015.
  72. http://ru.sputnik.kg/society/20150518/1015562750.html
  73. http://for.kg/news-321689-ru.html
  74. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -июнь (кулжа) 2015.
  75. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2016.
  76. архив көчүрмөсү.
  77. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 25 -июль (теке) 2015.
  78. http://www.vb.kg/doc/313392_v_bishkeke_sostoialas_iv_ceremoniia_vrycheniia_kinopremii_ak_ilbirs.html
  79. http://ru.sputnik.kg/culture/20150912/1018211842.html
  80. http://www.limon.kg/news:66870
  81. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  82. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 11 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  83. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  84. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  85. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 6 -март (жалган куран) 2016.
  86. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  87. http://culture.akipress.org/news:10059
  88. http://kinoart.ru/blogs/vernite-proshloe
  89. https://www.youtube.com/watch?v=9Sj628dPzc4
  90. https://www.youtube.com/watch?v=QBmJ185Ta-o
  91. https://www.youtube.com/watch?v=iVP_fMzxL_o
  92. http://www.theguardian.com/world/2014/aug/24/kyrgyzstan-blockbuster-hits-cinemas-patriotism-push-taxpayers-money
  93. http://variety.com/2014/film/reviews/film-review-kurmanjan-datka-queen-of-the-mountains-1201388282/
  94. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2014.
  95. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 22 -март (жалган куран) 2016.
  96. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2019.
  97. http://www.kazan.aif.ru/culture/cinema/xi_kazanskiy_kinofestival_film-postupok_i_triumf_tatarometrazhki
  98. http://www.islam.ru/news/2015-09-14/44023
  99. http://slawyanka.info/archives/321470(жеткиликсиз шилтеме)
  100. https://www.youtube.com/watch?v=Vcyfv9gBzRc

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

kinopoisk.ru сайтындагы Курманжан датка тасмасынын баракчасы

Калып:Садык Шер-Нияздын тасмалары