Абдылдабек Алымбек датка уулу

Википедия дан

Абдылдабек Алымбек датка уулу (туулган жылы белгисиз, болжол менен 1833-1837-жж. аралыгы - өлгөн жылы 1877-ж.) – алайлык кыргыздардын чыгаан төбөлдөрүнүн бири, айтылуу Алымбек датка м-н Курманжан датканын тун уулу; кокондук даткалардын бири катары таанымал. Ош вилайетинин акими болгон. Кокон хандыгынын падышалык Орусиядан эгемендиги үчүн баатырдык менен күрөшкөн.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдылдабек Алымбек датка уулу – кыргыздын баргы уруусунан чыккан. Ал айтылуу алайлык Алымбек датка менен анын жубайы Курманжан датканын тун уулу. Курманжан датка Абдылдабектен башка төрт чүрпө төрөгөн.

Кокон ханы тарабынан 1865-жылы Ош шаарына жана аймагына аким кызматына дайындалган.

1875-жылга чейин абдан көп жерди ээлеп турган.

Оторчул Орусиянын баскынчыл саясатына жана ага багынып турган Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүшкө (1876-ж. январда) катышкан. Пулат ханды (Молдо Исак Асан уулун) колдоп чыккан.

Кокон хандыгы биротоло каратылып, мамлекет катары жоюлуп, анын аймагы Орусиянын карамагына өткөндөн кийин генерал М.Д. Скобелев жетектеген падышалык аскерлердин баскынчыл жортуулдарына каршы күрөшкөн.

Согуштан кийин кошууну менен Ооганстанга ооп кеткен.

1877-жылы чет жерде (Ооганстанда) каза болгон.

Уламышка караганда, анын жүрөгү туулуп-өскөн аймагына алынып келип көмүлгөн.

Аны менен байланыштуу тарыхый инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдылдабектин атасы Алымбек датка Асан бий уулу өз учурунда Кокон хандыгында башкы вазир деңгээлиндеги жана башка жогорку кызматтарды аркалаган. Дипломат жана колбашчы катары да таанылган.

2002-жылы чыккан 50 сомдогу Курманжан датканын портрети

Энеси Курманжан датка Алай жана Ош аймактарынын башкаруучусу болгон. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат.

1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон.

Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон.

1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай ж.б. балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алышкан.

Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде Ош вилайетинин акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан.

Ушул окуядан кийин Курманжан "датка" аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым.

Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. 19-кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон.

Молдо Исак Асан уулу (1844-1876) – Абдылдабектин үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал азыркы Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Охна кыштагында бостон уругунун өкүлү, Асан молдонун үй-бүлөсүндө туулган. Бул ферганалык молдо өзүн «Пулат хан» (Болот хан) деп жалган ысым менен жарыялап, 1873-1876-жылдардагы Кокон хандыгыгнын көп этностуу калкыгнын падышалык Орусиянын оторчул баскынчылыгына каршы улутттук-боштондук кыймылды жетектеген.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы ноябрда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик социалдык университетинде «Ак чардак» студенттер театры тарабынан Суранчы Жетимишевдин «Курманжан датка жана уулу Абдылдабек» аттуу спектакли көрсөтүлдү, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Спектакль Ош улуттук драма театрынын актеру КР эмгек сиңирген артисти, режиссер Солтобай Кулбаев тарабынан коюлду.

ОшМСУнун ректору, профессор Идрис Кенжебаев «Ак чардак» студенттер театрына, режиссер С.Кулбаевге, спектаклдын автору С.Жетимишевге ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

2013-жылы 25-октябрда Бишкек шаарында "Египет" ресторанында Абдылдабектин өмүр жолу жана тарыхый орду тууралуу жыйын болду. Анда 2014-жылдын жай мезгилинде болчу Абдылдабектин ашына (ага багышталган эскерүү жыйынына) камылгалар көрүү маселеси талкуу кылынды. Жыйынга Алымбек датканын урпактары, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, саясатчылар, тарыхчылар Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Кыяс Молдокасымов, Өскөн Осмонов, Т.Чоротегин, ж.б., журналисттер Эсенбай Нурушев, Кубан Мамбеталиев, Адилет Айтикеев, бир катар саясат таануучулар, публицисттер, коомчулук өкүлдөрү катышышты. Жыйында болочокку мааракелик иш-чараларды уюштуруу үчүн атайын уюштуруу тобу түзүлдү.

Ал тууралуу адабият (кыскача тизме)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдылдабек тууралуу кезегинде жазуучу Төлөгөн Касымбеков, тарыхчылар Анварбек Хасанов, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Жаныбек Жакыпбеков, Турсунай Өмүрзакова, Кыяс Молдокасымов, Бектемир Жумабаев, Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чоротегин, Темиркул Асанов, Рыскул Жолдошов, ж.б. изилдөөчүлөр, бир катар санжырачылар өз эмгектеринде кайрылышкан.

  • Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.- Б., 1997.
  • Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. - Ош, 1997.
  • Кененсариев Т. Исхак Асан уулу Полот хан. - Бишкек, 1997.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]