Скобелев, Михаил Дмитриевич

Википедия дан
Скобелев Михаил Дмитриевич

Скобелев Михаил Дмитриевич (1843, Петербург –1882, Москва) – орус аскер башчысы, орус армиясынын генералы.
1868-жылы Генштаб Академиясын бүтүргөн.
1873-жылы Хивага жасалган жортуулга катышкан.
1876-жылы январь-февралда Скобелев башында турган орус аскеринин Анжияндын жана Асакенин жанында көтөрүлүшчүлөрдү жеңилүүгө дуушар кылышы Кокон көтөрүлүшүн (1873–76) басууга алып келген.
1876-жылдын февралынан Фергана облусунун аскер (согуш) губернатору жана аскер башчысы болуп, Орус падышачылыгынын Орто Азиядагы отор саясатын жүргүзгөн.
Орус-түрк согушунда (1877–78) штабдын алдындагы жогорку командачы, андан кийин штабдын башчысы болгон.
1880–81-жылы Түркмөнстанды басып алууда 2-Ахалтеке экспедициясына жетекчилик кылып, Деңгилтепе (Күйүкдөбө) чебин жана Ашхабадды басып алган.
1882-жылы Парижде жүрүп, Германиянын жана АвстрияВенгриянын агрессивдүү саясатына каршы чыккан. Бул абалды татаалдантып жибергенине байланыштуу Александр III Скобелевди чакыртып алган жана көп узабай эле белгисиз абалда 1882-жылы 25-июлда Москвада дүйнөдөн кайткан.
Орус падышасынын отор саясатын жүргүзүп, Орто Азия элдерин басып алууга катышса да, тарыхта орустун талантуу аскер башчысы катары калган. Солдат жана офицерлердин арасында Скобелев өзүнүн жеке эрдиктери менен белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]