Раев Султан Акимович

Википедия дан
Султан Раев‎»‎ барагынан багытталды)

Раев Султан Акимович - жазуучу, драматург. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Султан Раев Кара-суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган.
1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн.
Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, 1991-жылдан «Кыргыз руху» коомдук саясий жана маданий гезитинде башкы редактор жана уюштуруучу болуп эмгектенген.
2006-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри.
1990-жылы «Күн кармаган бала» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыган. Ушул эле китеп 1993-жылы кытай тилинде «Бала тууралуу баллада» деген ат менен Пекиндин «Улут адабияты» басмасынан жарык көргөн.
«Аял», «Аптанын бешинчи күнү» телесценарийлеринин негизинде телефильмдер тартылган.
Ал 1993-жылы «О, кыздар!» аттуу пьесасы үчүн Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты болгон. «Күн кармаган бала» (1990-жылы) пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын драма театрында коюлуп, өлкөбүздө өткөн «Нооруз» театр фестивалынын Баш байгесин жеңип алган, бул спектакль мурдагы союздук республикалардын бир нече жерлеринде коюлду.
«Таймам» пьесасынын негизинде коюлган спектакль Уфа шаарында өткөн Ш Эл аралык театр фестивалында биринчи орунду, Карши шаарында өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун, «Нооруз» театр фестивалынын Гран-Присин, Германияда өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун жеңип алган.
С.Раев режиссер катары «Кашар» пьесасын Нарын драма театрында, «Исхак Раззаков», «О, кыздар!» пьесасын Ош драма театрында, «Ханышанын көз жашы» пьесасын Туңгуч драма театрында койгон.
Султан Раев адабият жана искусство тармагындагы Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чаң жол: Аңгемелер.  Ф.: Мектеп, 1987.  40 б.

Күн кармаган бала: Повесть жана аңгемелер.  Ф.: Адабият, 1990.  152 б.