Омор Султанов

Википедия дан
Султанов Омор‎»‎ барагынан багытталды)
Омор Султанов
Омор Султанов
Туулган датасы:

6-ноябрь 1935-жыл

Туулган жери:

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тосор айылы, Кыргыз ССР.

Өлгөн датасы:

3-апрель 2022-жыл

Өлгөн жери:

Фрунзе, Кыргызстан

Жарандыгы:

 ССРС  Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Акын, жазуучу, котормочу киносценарист, коомдук ишмер

Жанр:

поэма, драма

Омор Султанов - кыргыз акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 2022-жылы 3-Апрелде дүйнөдөн кайтты.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Омор Султанов - азыркы кыргыз акындарынын бири. ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы (2007-2009) болуп да иштеген. "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири (2009). Бир нече ырлар жыйнагын жарыялаган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факуль-тетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган.

Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жа-рык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан эк-рандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.

Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган.

О. Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1986-жылы Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондун түзгөн жана анын президенти. Кыргызстандын чет өлкөлөр менен байланыш союздарынын вице-президенти, Кыргызстан-Тажик достук коомунун президенти, Моск-вадагы Эл аралык Жазуучулар союзунун тең төрагасы болуп шайланган. 2007-жылдан Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы.

1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы, 1995-жылы «Манас» эпосуна миң жыл медалы берилген. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ээси, II жана III даражадагы «Манас» ордени, Казакстандын Президентинин Жарлы-гы менен «Астана» аттуу Алтын медаль менен сыйланган. 2007-жылы Же-невадагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. 2008-жылы Россиянын Ломоносов атындагы, Достук ордендери менен сыйланып, Россиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон.

1978-жылы Норильск, 1979-жылы Южно-Сахалинск, 1977-жылы Киров шаарларынын, 1989-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Шарлотта шаарынын жана Астана шаарынын ардактуу жараны.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Тоо күндөрү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 92 б.
  • Жылдыздуу түндөр: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 115 б.
  • Ак жол, көк асман: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 224 б.
  • Отузунчу станция: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 87 б.
  • Аэропанорама: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 103 б.
  • Улуу дайра: Очерк, аңгеме, повесттер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 295 б.
  • Көз ирмем: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 128 б.
  • Аралдар арасында: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 155 б.
  • Мухитке жол: Сапар баяны. – Ф.: Мектеп, 1977. – 90 б.
  • Дүйнө: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 72 б.
  • Чарчоонун жүзүнчү ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 288 б.
  • Адамдын турмушу: Роман жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 172 б.
  • Ашуу төр. Ырлар, поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2003.
  • Жан берели сүйүүгө: Роман, поэмалар, ырлар. – Б., 2003.
Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Всегда со мной: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 108 с.
  • Белая дорога, синее небо: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 400 с.
  • На ветрах Иссык-Куля: Стихи и поэмы. – М.: Сов. Писатель. – 1973. – 111 с.
  • Дорога к океану: Путевая книга. – Ф.: Мектеп, 1979. – 76 с.
  • Утро на перевале: Стихи и поэма. – М.: Сов. Писатель, 1979. – 87 с.
  • Песни усталости: Стихи, поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 118 с.
  • Предназаначение. – М.: Гослит, 1986. – 311 с.
  • Суть: Стихи, поэмы. – М.: Сов. писатель, 1987. – 127 с.
  • Пираты поневоле. – Б.: Шам, 1998. – 256 с.
  • Остров Дракона. – Б.: Шам, 1998. – 262 с.
  • Таинственный всадник. – Б.: Шам, 2002. – 265 с.
  • Весть с того света. – Б.: Шам, 2006. – 270 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Г. Мистраль. Сен сүйгөн ыр. – Ф.: Кыргызстан, 1987.
  • Лермонтов Ю. Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986.
  • Лермонтов Ю. Азреил. – Ф.: Адабият, 1987.