Сульги Литфуллин

Википедия дан

Литфуллин Сульги (1923-ж. т., Ош обл., Өзгөн ш. - 1991, Анжиян) — Советтер Союзунун Баатыры (1945).

1945-жылдан КПСС мүчөсү. 1942-жылдан Сов. Армияда. Улуу Ата Мек. согушта Башкы командованиенин резервдик 493-полкунун танкага карты истребителдик орудиесинин командири. Львов жанa Ярославль багытындагы салгылаштарда эрдик көрсөткөн. 1944-ж. 18-августта Висла д-нын батыш тарабындагы Сабутка- Шляхец р-нунда душмандын 12 танкасы менен автоматчыларынын контр-чабуулунун мизин кайтарган. Душмандын 5 танкасын орттоп, ЗОдай солдатын жок кылган. 1945-ж. январда Литфуллин башкарган бөлүк Одер д-нан биринчилерден болуп өткөн. Литфуллин өзү Найдорф жанa Герцог-Свальдац элдүү пункттарын коргоодо душмандын 4 танкасын, 1 транспортёрун жок кыл­ган. Берлинди алууга катышкан. Ле­нин ордени, 1-дараж. Ата Мекенднк Согуш ордени жанa медаль менен сыйланган. 1946-ж. демобилизацияланып, туулган шаарында эмгектенүүдө. Согуштан кийин Өзгөндө, Анжиянда соода тармагында иштеген. Ленин, эки Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.