Сумсар

Википедия дан
Сумсар
Мүнөздөмө
Узундугу 54 км
бассейндин аянты 324 км²
Суу чыгымы 0,97 м³/с
Суу агымы
Аягы Сыр-Дарыя
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Ала-Бука району

СумсарАла-Бука районундагы суу, Сырдарыянын оң куймасы. Узундугу 54 км, аянты 324 км2. Чаткал кырка тоосунун түштүк чыгыш тармагы Көкала тоосунун чыгыш капталынан башталган Көкала сай жана Айырма сууларынын кошулушунан түзүлөт. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 0,97 м3/сек. Жети куймасы бар. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кекиликкоргон, Мончок кыштактары орун алган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]