Суркоён

Википедия дан

СуркоёнТолтойдун тулпары. Эпикалык күлүктөргө мүнөздүү учкаяктык, адамдан калышпаган аң-сезимдүүлүккө ээ. Толтой Күлчоро колдуу каза болгондо душман колуна түшпөс үчүн чылбырын тиштеген боюнча элин (жедигерди) карай качат. Эмчектеш өскөн Канчоро менен Күлчоронун ортосундагы ынтымак да ушул С-ду талашуудан бузулат.

Семетей душмандын курчоосунда атсыз калганда С. бир кезде олжо кылып басмырлап, ногойдун оюк энин салып койгонун кектеп баспай туруп алат. Семетей С-ду душман катары жок кылууга аргасыз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4