Суу кымыздык

Википедия дан
Суу кымыздык.

Суу кымыздык (Горец почечуйный), (лат. Polygonum persicaria) - бир же көп жылдык чөп, чанда бадалча жана бадал.

Сабагы тик өйдө, кээде төшөлүп же чырмалып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, түрдүү формада. Гүлү майда, топ гүлү - чачы. 4-6 мүчөлүү, алар жалбырак колтугү нан өсөт.

Республикабыздын бардык булуң, бурчунда, суу жээгинде, арыктын бойлорунда, жүгөрү же чөп чабындынын майнаптарында майдан августка чейин өсөт. 22 түрү кездешет. Бийиктиги 30-50 см. Өңү кызгылт, даамы ачуу.

Суу калемпирдин сабагы кызара электе үстүнөн 15-20 cm оруп алуу керек. Дарылыгы: андан жасалган дары каражаты төрөп же бойдон түшүп, кан токтобогондо, геморройго, ошондой эле денени кесип алганда же ачык жараларга колдонулат.

Даярдалышы: 700 г кайнак сууга бир канча салып демдеп коюп 3-4 маал кан токтогончо ичилет. Эскертүү: даярдалган дарыны уулуу болгондуктан муздак ичүүгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9