Сфералардын гармониясы
Сфералардын гармониясы – сфералардын музыкасы, планеталардын (Күн, Ай жана планеталык «сфералардын») музыкалык тыбышы жөнүндө антикалык окуу, б. а. пифагордук жана платондук салттарга мүнөздүү болгон, космостун музыкалык – математикалык түзүлүшү.
Орто кылымдарга таандык латын тилинде жазылган тексттерде да «асмандын (же дүйнөнүн) гармониясы (музыкасы)» термини колдонулган. Байыркы грек философиясына Сфералардын гармониясы жөнүндө окууну алгач Пифагор киргизген. Пифаргорчулар ааламды «гармония жана сан» деп эсептешкен. Аристотелдин пикирине ылайык, «аралык боюнча өлчөнгөн (асман телолорунун) ылдамдыгы, бири-бирине интервалдардын консонансынын бийиктигиндей катнашта турушат», ошондуктан, «асман телолорунун айланып жылышында чыккан үндөр, табышмактар, гармонияны дооштор, дабыштар пайда кылат». Афродисиялык Александрдын ою боюнча, тыбыштын бийиктиги асман затынын ылдамдыгына пропорциалдуу; Цицерондун айтуусунда астралдык гамманын эң жогорку тыбышы кыймылсыз жылдыздардын сферасына, эң астыңкысы – Айга тийиштүү.
Платондун Эра (заман) жөнүндө эсхатологиялык мифинде сфералардын гармониясы идеясынын ыңгайлашына анын узак жашоосуна жана абдан зор ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8