Сыдыков, Казыбай

Википедия дан

Сыдыков Казыбай (1939-ж,23 февраль. т., Ысык-Көл району, Карал-Дөбө айлы - 2011-ж,22 октябрь.к.б., Бишкек) — геолог, экономист, экономика илимдеринин доктору (1983), профессор (1988). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995).
1964-жылдан Кыргызстан ИАнын экономика институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1972— 81-ж. сектор башчысы.
1981—86-ж. Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин экономика институтунда бөлүм башчы.
1987—88-ж. Кыргызстан ИАнын экономика институтунда бөлүм башчы, 1988-жылдан Кыргыз Республикасынын улуттук информациялык борборунун дирек¬тору.
Эмгектери Республиканын өндүргүч күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштырууга, табигый ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана айлана-чөйрөнү коргоого, ошондой эле илимий техникалык прогресстин экономика маселелерине арналган.
Сыдыков 82 илимий эмгектин (анын ичинде 16 монография; авторлош) автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.