Сыймык Бейшекеев

Википедия дан

Бейшекеев Сыймык (1974-ж. т., Балачычкан айылы) - обончу, ырчы, акын, республикалык фестивалдардын лауреаты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2009). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы 2 жылдык эстрада студиясында (1991), Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө(1993)окуйт.

1994-99-ж. филармониянын “эл ырчысы Эстебес” деген топто иштеген. 1997-жылдан өзү уюштурган эстрадалык тодту жетектейт. Б-дин обондору жалындаган жаштыкка, тунук махабатка арналган.

Ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автордун

  • “Күзгү нөшөр”,
  • “Сары кыз”,
  • “Бөлөмө”,
  • “Май айы махабатым”,
  • “Көлдүк кыз”,
  • “Сүйүү жылдызы”,
  • “Кызгалдактуу талаалар”,
  • “Токтогулга кетесиңби”,
  • “Сенсиң”,
  • “Кызылгүл бердим эле”,
  • “Оштук кыз”,
  • “Ак сүйүү”,
  • “Алыстаба”,
  • Найман апанын кошогу” аттуу ж. б. лирикалык ырларды обондуулугу, мукамдуулугу менен улуттук эстрада ыр жанрынын өсүшүнө өз үлүшүн кошту.

Комуздун коштоосунда элдик жана обончулардын ырларын коңур үнү менен аваздык кооздукта назданта аткарат. Автордун обондуу ырларынын жыйнагы, 3-4 альбому жарык көргөн. “Күзгү нөшөр”, “Сары кыз”, “Көлдүк кыз” аттуу ж. б. ырлары эстрада ырчыларынын өздүк репертуарынан түшпөй ырдалып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5