Сырттан

Википедия дан

Сырттан — эпитет. С. жомокто төмөнкүчө сүрөттөлөт: жонун бүтүндөй тикирейген жал басып, кулагы тикчигий, башы чоң, тумшугу шуштугуйурак келип, башка жырткычтар жей албаган жиликтин башын талкалай чайнап, эт-мети менен жутуп жиберет. Манас жана эпостогу баатырлар көк жал делип ушул жырткычка салыштырылган. "Манас" эпосунда ошондой эле С. баатыр, эр жүрөк, чыгаан, мыкты маанисинде көп колдонулат. С. эпитети эпостогу баатырлардын атына синоним болуп көкжал, шер, кабылан жана башкалар жырткыч айбандардын, шумкар, туйгун жана башкалар кыраан куштардын аттары сыяктуу эле эпикалык каармандардын көркөм образдарынын түзүлүшүндө поэтикалык каражат салттуу түрдө туруктуу колдонулган. Мисалы, Манас жөнүндө: "Сырттан көк жал кабылан" (Саякбай Каралаев, 2. 62), "Сырттан Манас башкарып" (Сагымбай Орозбаков, 3. 162); Алмамбет жөнүндө: "Сырттандык кылса зыңкыйып, Ою терең эр болсо Олутун таап олтурар" (Сагымбай Орозбаков, 2. 305). Мына ушул сыяктуу эле эпостогу башка баатырлар да көбүнчө С. эпитети менен айтылат: "Сырттан Кошой жолборсум!" (Сагымбай Орозбаков, 3. 196), "Сырттан Сыргак токтолду" (Сагымбай Орозбаков, 4. 259), "Андай болсо, Жоорунчу, Сырттандыгың билгизгин, Сыяпат менен киргизгин" (Сагымбай Орозбаков, 4. 23), "Сырттандардын баарысы Сырлуу бараң асынып" (Сагымбай Орозбаков, 4. 24) жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4