Сырымбетов Авас Күрөңкеевич

Википедия дан
Сырымбетов Аваз Күрөңкеевич
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Сырымбөтов Аваз Күрөңкеевич
Туулган жылы: 1936-жыл
Туулган жери: Бекитай айылы, Жайыл району, [[Чүй облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр сынчысы, котормочу жана драматург
Наамдары: Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1962-жылдан баштап

Сырымбетов Авас Күрөңкеевич - театр иликтөөчү, котормочу жана драматург.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Авас Сырымбетов чыгармачылык эмгек жолун он алты жаш курагында Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист болуп иштөө менен баштаган.
1962-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык көркөм институтунун театр иликтөө факультетин ийгиликтүү бүтүргөн соң Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин Өнөр иштери боюнча башкармасынын улук нускоочулук кызматына иштөөгө жиберилген.
1981-жылы ошол эле маданият министрлигиндеги драматургия боюнча репертуардык-редакциялык коллегиясынын мүчөлүк кызматында,
1988–1991-жж. редколлегиянын башкы редактору болуп иштеген.
А.Сырымбетов театр иликтөөчү катары театрдын спектаклдери, драматург, режиссер жана актерлор тууралуу көптөгөн изилдөөлөрдү, сын макалаларды жазган.
А.Сырымбетовдун «Кыргыз куурчак театры» аттуу китеби республикалык «Нооруз» майрамына карата өткөрүлгөн театр сынчыларынын конкурсунда биринчи сыйлыкка татыган.
«Издеген жетет муратка», «Эр жүрөк Бекжан», «Котур тайлак», «Алтын чач» аттуу пьесалары республиканын театрларында коюлган.
А.Сырымбетов көркөм котормо жанрында да эмгектенип, А.Островскийдин, О.Бодыковдун, С.Ахмаддын, А.Арбузовдун И.Содиковдун О.Уайльддын ж.б. пьесаларын кыргыз тилине которуп, театрларда коюлган.
Ал кыргыз Совет энциклопедиясынын активдүү авторлорунун бири. Театр искусствосу боюнча мыкты макалалардын конкурсунун бир нече жолку жеңүүчүсү.
Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында актерлор студиясында теориялык жактан сабак берет. 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1962-жылдан Театр ишмерлер союзунун мүчөсү.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы берилген.
М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, «Эмгек ардагери», «Эл агартуунун отличниги», «Маданияттын мыкты кызматкери», «Манас 1000» медалы, СССРдин жана республиканын маданият министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
Театр жана турмуш. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 94 б.
Бакен Кыдыкеева. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 95 б.
Чыңгыз Айтматов жана искусство. (авторлош) – Ф.: Кыргызстан, 1975. 125 б.
Өркөнү өскөн маданият. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 132 б.
Азыркы театр өнөрүнүн чабытында. – Ф. : Кыргызстан, 1986. – 200 б.
Кыргыз мамлекеттик куурчак театры. – Ф.: Адабият, 1989. – 110 б.
Гүлшара Дуулатова. – Б.: Кутаалам, 2007. – 176 б.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры.–Б.: Учкун, 2007. 240 б.

ПЬЕСАЛАРЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Издеген жетет муратка (К.Саскаев менен бирге). Куурчак театрында коюлган.
Алтын чач: жаш балдар үчүн.
Токойдогу окуя: Куурчак театры үчүн. Ош куурчак театрында коюлган.
Котур тайлак: Куурчак театры үчүн. М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында коюлган.

КОТОРМОЛОРУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Островский А.Н. Бальзаминовдун үйлөнүүсү: комедия. Клубдун сахна журналы. 1978.
Бодыков О. Каракум трагедиясы: трагедия. (Талас элдик театрында коюлган).
Арбузов А. Байкуш менин Маратым: драма. (Театралдык окуу жайында коюлган).
Арбузов А. Таңкы шаар: пьеса. (Ош кыргыз драмтеатрында коюлган).
Рыбаков М. Сыйкырдуу баян: (Республикалык куурчак театрында коюлган).
Шембергер В.А. Партизан токоюнун жомогу. (Республикалык куурчак театрында коюлган).
Ахмад С. Келиндер козголоңу. (1984-ж. Кыргыз драма театрында коюлган).
Ахмад С. Күйөө бала. (2007-ж. Кыргыз драма театрында коюлган).
Уайльд О. Жылдыздын баласы. (Республикалык куурчак театрында коюлган).
Содиков И. Апендинин беш катыны. (1995-ж. Каракол, Учур театрларында коюлган).
Исламов Н. Бахтиярдын ыры. (1993 –ж. Нарын театрында коюлган).
Оторбаев Р. Абдуталип апенди. (1995-ж. Кыргыз драма театрында коюл-ган).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]