Сүйлөм мүчөлөрү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Сүйлөм мүчөлөрү – бул Сүйлөм мүчөлөрүнүн негизинде гана кандайдыр бир информацияны туюндура алат, т.а., Сүйлөм мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон семантикалык айкашуусунун негизинде гана сүйлөм белгилүү бир ой-пикирди, информацияны туюндуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Сүйлөмдүн түзүлүшүндө Сүйлөм мүчөлөрү абдан чоң ролго ээ жана, негизинен, эки чоң топко бөлүнөт. 1. Баш мүчө. 2. Айкындооч мүчө.

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү - ээ жана баяндооч. Айкындооч мүчөлөрүнө аныктооч, толуктооч, бышыктооч кирет. Баш мүчөлөр сүйлөмдүн негизги структуралык, семантикалык уюткусун түзүп, айкындооч мүчөлөрдү өзүнө семантикалык, грамматикалык жактан баш ийдирип турат.

Айкындооч мүчөлөр – баш мүчөнүн бирине таандык болуп айтылып, алардын ар кандай кырдаалын туюндуруп, баш мүчөгө кошумча маани берип, аларды аныктап, толуктап, бышыктап турган сүйлөм мүчөлөрү. Сүйлөмдү түзүүдө айрыкча баш мүчөлөр чоң роль ойнойт. Анткени сүйлөмдө айтылуучу ойдун негизи баш мүчөлөрдүн жардамында туюндурулат, т.а., сүйлөмдө туюндурулуучу ойдун негизи баш мүчөлөр аркылуу берилет, ал эми ошол айтылуучу негизги ойдун кошумча жагдайлары айкындооч мүчөлөр тарабынан толукталат, аныкталат, бышыкталат, айкындооч мүчөлөр айтылуучу негизги ойду конкреттештирет, деталдаштырат. Мына ушул жагдайлар сүйлөмдүн уюштурулушунун принцибин түзөт. Сүйлөмдүн уюшулушунда ар бир С.М-нүн өз орду, салмагы, үлүшү болот. Баш мүчөлөрдүн экөөнүн тең болушу - эки составдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн негизги структуралык белгиси. Бир составдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн структуралык негизин да баш мүчө түзөт. Бирок анда бир гана баш мүчө болот, Мүчөлөнбөс сүйлөмдөрдү (сөз-сүйлөм, атама сүйлөм) эске албаганда, бир составдуу сүйлөмдөрдүн структурасын, грамматикалык борборун, негизинен, баяндооч түзөт.

Сүйлөм мүчөлөрүн аныктоодо анын грамматикалык маанисин жана морфологиялык табиятын эске алуу керек. Сөздүн белгилүү бир сөз түркүмүнө тиешелүүлүгү, башка сөздөр менен граматикалык байланышы структуралык-маанилик жактан биримдиктеги сөз тизмектерин түзөрү белгилүү. Сөз сүйлөм тутумуна киргенде гана жаңы сапатка ээ болот, синтаксистик белгилүү милдет аткарат. Демек, сүйлөм тутумунда анын грамматикалык өзөгүн түзүп, сүйлөмдө синтаксистик милдет аткарып, кандайдыр бир суроого жооп берип, бири-бири менен байланышта турган бирдиктер Сүйлөм мүчөлөрү деп аталат.ф

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4