Сүйрү баштыкча

Википедия дан

Сүйрү баштыкча - омурткалууларда ички кулактын жуптуу элементи. Эктодермадан пайда болгон угузгуч ыйлакчасы 2 бөлүккө бөлүнөт - үстүнкүсүнөн сүйрү баштыкчасы, аны менен 3 жагынан перпендикуляр кеткен үч жарты каналдары байланып теңсалмак сактагыч орган катары болот (вестибуляр аппаратты); алдыңкы бөлүгү тегерек баштыкчага айланып, анын туюк учу лагена (мисалы, балыктардын угу органы) же үлүл (жогорку айбандарда) менен бүтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]