Каналдар

Википедия дан

Каналдар, Мюллер каналы - (И. Мюллердин атынан) омурткалуулардын түйүлдүктүн клоакасын жана көпчүлүк сөөктүү балыктардын пронефростун каналчасы менен куйгучун бириктирүүчү (байланыштыруучу) өткөл же канал. Ургаачыларда М. к. жумуртка өткөргүч каналына айланат. Акулалар, туюк баштуулар, кош дем алуучу балыктар, айрым кемирчектүү ганоиддер жана жерде-сууда жашоочулардан башкаларда эркектеринде редукцияланылат. Сүт эмүүчүлөрдүн эркектеринде М. к-нын калдыгынан анча чоң эмес эки мүйүздүү жыныс каналга ачылуучу көңдөй пайда болот.

Назогипофизардык канал - тегерек оздууларда өөрчүгөн. Н. г. к. аркылуу жупсуз таноосу мээнин гипофизи менен байланышып, миногаларда назо-гипофизардык баштыкча, ал эми миксиндерде кулкунга чейин жеткен Н. г. к. пайда болот.

Урук өткөргүч каналчалар - анамнийлердин (тегерек ооздуулар, балыктар жана жерде-сууда жашоочулар) эркектеринде аталык бездеринен чыгуучу майда жипче каналчалар. У. ө. к. мезонефрос бөйрөгүнүн алды жагына (кош дем алуучу балыктарда арткы жагына) кошулгандыктан, ал жери бөлүп чыгаруучу функциясын жоготуп аталык бездин кошумча органына (кыпчыкейине) айланат.

Гемалдык канал - балыктардын куйрук омурткаларынын астыңкы доголор ылдый жака өсүп биригип кан тамырлар өтүүчү (куйрук артерисы менен венасы) Г. к. пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]