Сүт ичмей

Википедия дан

Сүт ичмейкыргыз эл оюну. Оюн мектептин спорт аянтчасында, залында, тегиз жерде ойнолот. Оюнга 6-17 жаштагы 25-30 оюнчу жашына жараша топтолушуп катышат. Көз таңуу үчүн эки жоолук, сүт же суу куюлган аяк, кашык даярдалат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулар катарга тизилип турушат. Жаат башчылары таяк кармашып, бири оюнду баштоо укугуна ээ болот. Сүт ичирүү мөөнөтү белгиленет. Калыс эки жааттан бирден оюнчуну чакырып, экоонүн тең көзүн жоолук менен таңат. Оюнду баштоо укугун алган жаат оюнчусуна сүт менен кашыкты берет. Ал өнөгүнө сүттү ичирүүгү аракеттенет. Белгиленген убакытта оюнчу сүттү өнөгүнө 4-5 жолу ууртатууга тийиш. Эгер оюнчу өнөгүнө сүттү толук ичире алса 1 упай берилет, толук ичире албаса же бир да ууртата албаса упай берилбейт.Ошентип, оюн кезек менен улантыла берет. Оюндун акырында кайсы жааттын упайы көп болсо ошол жаат утат.
Пайдаланган адабият:Токторбаев С. Өспүрүмдөр оюндары.