Сөөк-коюу

Википедия дан

Сөөк-коюу — көз жумган инсандын сөөгүн ардактап жерге жашыруунун байыркы кыргыздарга таандык жөрөлгөсү. "Манас" эпосунда С. к. тууралуу төмөнкүчө айтылат:

Менин көзүм өткөн соң,

Кылыч менен кырдырып

Кымыз менен жуудуруп,

Чарайна менен чаптатып,

Булгаары менен каптатып,

Ак казаным жастатып,

Кара макмал бүктөтүп,

Астыңкы жолдун үстүнө,

Үстүңкү жолдун астына,

Айга баккан ак сарай

Ак сарайлап коё көр,

Күнгө баккан көк сарай

Көк сарайлап коё көр (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, 7, 81-б.).

Мында Көкөтөйдүн жансыз денесинин сөөгүн этинен бөлүп алып, тазалап, табытка салып, анан жерге коюу тууралуу сөз болуп жатат. Бул элдик оозеки чыгармачылыкта гана эмес, жазма адабиятта да сейрек кездешүүчү өзгөчө маалымат. Адамдын сөөгүнөн этин ажыратып, сөөктү жерге коюу салты байыркы замандагы дүйнөлүк негизги диндердин бири болуп эсептелинген зороастризм динине таандык болгон. Илимпоздордун далилдөөсүнө караганда бул динди алып жүрүүчүлөр бир кезде (биздин заманга чейин 6-кылым — биздин замандын 7-кылымына чейин) Волганын Чыгыш тарабын мекендеген көчмөн элдерде пайда болуп, кийин Ирак жана Индия империяларына таркаган. Бул диндегилер маркумдун сөөгүн жөн гана жерге көөмп тим болушпастан, аларды атайын жасалган ассуарилерге (өзгөчө табыттарга) салып ата-бабасынын сөөктөрү сакталып турган ыйык ибадатканаларга (храм) алып барып коюшкан. Мындай ибадатканалар дөөлөтүнө жараша алтын, күмүштөлүнгөн оймо-чиймедеги өзгөчө кооздуктар менен жабдылган. Мурунку кездерде мындай сөөктөр аска таштын бооруна атайын оюлуп жасалган үңкүрлөрдүн ичинде сакталган. Көпчүлүк учурда маркумдун сөөгү менен кошо анын кейпи түшүрүлүп чоподон, жыгачтан, таштан, калайдан же алтын, күмүштөн (байлыгына жараша) жасалган чоң же кичине көлөмдөгү өзгөчө эстеликтер кошо коюлган. Ушундай ыкма менен С. к. салты "Манас" эпосунда да жолугат. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Манас өлгөндө анын өзүнө окшоштуруп теректен чаап адамдын сөлөкөтүн жасап табытка салып Таластагы күмбөзүнө көмүшөт да, Манастын чыныгы денесине (сөөгүнө) алтын, күмүштөн жасалгалуу кийим кийгизип, курал-жарагы менен кошо Эчкиликтин зоосундагы Кара Үңкүргө алып барып коюшат. Үңкүрдүн ичине бир канча үйүр жылкы кенен батат деп айтылат. Анын оозу таш менен бекемделип жабылат, сыртынан дайыма көзөмөл жүргүзүлөт. Кийин ушул эле үңкүргө кайып болуп кеткен Семетей да кирип кетет. Андан мурун ал атасына бата кылып келип, бул жерден Манастын сөөгүнөн башка да анын жакын адамдарынын сөөктөрүн, курал-жарактарын көргөндүгү эскерилет. Б. а. бул эпизоддордо аска боорунда оюлуп жасалган чоң үңкүргө зороастризм дининдеги бир уруу элдин өлгөндөрүнүн. сөөгү коюлуучу көрүстөн жөнүндө баяндалып жатат деп айтууга негиз бар.

Өлүүлөрдүн күмбөзү делинген ушул үңкүрлөрдө же атайын салынган сөөк сакталуучу "мүрзө үйлөрдө" ар бир адамдын сөөгү салынган "табыттарга" ылайыкталган бөлөк-бөлөк бөлмөлөр жана текчелер жасалып коюлат. Ушул текчелерге коюлуучу "ассуарилердин" көлөмү, кооздуктары, оймо-чиймелери да маркумдун тирүүлүктө ээлеген ордуна, тектүүлүгүнө жараша болгон. Көпчүлүк учурда маркумдун тирүү кезинде жашаган үйүнүн сырткы кебетеси кичирейтилген формада чагылдырып берүүгө аракет жасалган. Дегинкиси ар кандай көрүнүштөгү күмбөздөр деле бир учурдагы адамдар өздөрү керектеген турак-жайлардын өзгөртүлгөн көрүнүшү болгон. Мисалы, Чүй өрөөнүндөгү Кызыл-Суу чалдыбарынан табылган "ассуаринин" көрүнүшү кудум эле жасалгалуу "ак үйдүн" сырткы көрүнүшүн берип турат. Ошол эле жерге үйдүн керегесин, босогосун, туурдук боолорун чийин менен чийип берип, эшик кайтарган эки сакчы курал-жарагы менен көрсөтүлгөн. Б. а. бул "үйдүн" ичине коюлган сөөк атак-даңктуу адамдын сөөгү болгондугун айгинелеп турат. Ушуга байланыштуу Манастын күмбөзү да бир учурда Ак Ордо үйдүн көрүнүшүндө салынгандыгын эске алып кетүүгө болот. Бул маселе Көкөтөйдүн керээзинде мындайча айтылат.

Көкөтөйдү койгондо

Чакырган журттун далайын,

Аземин элге көргөзүп,

Алтындап салып сарайын (Сагымбай Орозбаков, 3. 43). Бул саптардан күмбөз же өлүүлөрдүн сөөгүн сактаган ибадаткана жөнүндө сөз болуп жаткандыгы байкалат. Демек, Көкөтөй канга окшогон барктуу адамдардын сөөгү урмат-сый менен коюлгандыгы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Бирок, анын Бокмурунга айткан керээзинде:

Бүлдүргөн менен өлүктү

Тирилип келмек наркы жок,

Зөөкүрлүк кылбай тим көмсүн

Сөөгүмдү көмсүн баркы жок (Сагымбай Орозбаков, 3. 30), — деп айтылган камкордук жана аёо биринчиден зороастризм идеясындагы өзүнүн жана дүйнөлүк адамдардын кийинки тагдыры жөнүндө көрүлгөн камкордукка жакындашса, экинчиден ошол зороастризм учурунда өлүктү бүлдүрүп, ал тирилип келбесин деп этин сөөгүнөн ажыратып, зөөкүрдүк кылбай жөн эле көмүү жөнүндө айтылат. Башкача айтканда зороастризм калдыктарын сынга алгандыгы байкалат. Бирок, Көкөтөй кандын өлгөнүн уккан эр Манас Бокмурунга кайрат айтып, Көкөтөйгө окшогон эл карысын өзгөчө нарк менен көмүү керектигин айтат:

Карыябыз Көкөтөй

Кандын туусун аштагын,

Каркап кырк күн болгончо

Көмбөй үйгө таштагын!

Кан атакем өлдү деп

Калкка кабар салдырып,

Жетесин жерге токтотуп,

Ак жоолуктун баарына

Атакелеп жоктотуп,

Нарк болсун кийинки өлгөнгө,

Айтуу болсун көргөнгө,

Аянбайлык Бокмурун

Атаңды жакшы көмгөнгө (Сагымбай Орозбаков, 3. 40).

Мында зороастризм учурундагы өлүктү сактап этинен ажыратып сөөктү көмүү салтынын туруктуу экендигин, барктуулугун эске салып жатат. Өлүктү сактоо салты эпосто дагы бир жолу мындайча айтылат:

Бай Көкөтөй өткөнү

Отуз алты күн болду,

Отуз алты күнүндө

Оён Манас барыптыр,

Ар тарапка кабарын

Аябай Манас салыптыр (Сагымбай Орозбаков, 3. 46, 48—49).

Дегинкиси, "сөөктү сактап" барктап көмүү салтынын түрк тилдүү элдерде учурагандыгын өз учурунда И. Я. Бичурин да белгилеп кеткен. Этинен ажыраган сөөктү өрттөп жиберип, күлүн ардактап, бардык буюм-терим менен кошо мүрзөгө коюу салты бир учурда 6—10-кылымда кыргыздарда да кенен колдонулгандыгы белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4