Сөөк ашуусу

Википедия дан

Сөөк ашуу - Ички Теңир-Тоодо. Арабел ж-а Жогорку Нарын өрөөндөрүнүн аралыгындагы, Сөөк тоосундагы ашуу. Бийикт. 4021 м. Арабелден 350 м, Жогорку Нарындан 700 м бийик. Айланасындагы чокулардан 470 м төмөн жатат. Ашуу палеозойдун составында кум ж-а алевролит катмары кездешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Кумтөр алтын кенин казып алууда иштегендерди ж-а малчыларды тейлөөдө ашуунун мааниси зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2