Таар көрпө

Википедия дан

Таар көрпө, жер көрпө, жер төшөк - таар, шырдак (шырдамал), ала кийиздин үстүнө салынуучу төшөк.

Алгач ашталып, өңдөлгөн териден (бостек, пөстөк) жасалса, кийин шайы атлас, баркыт, чий ж.б. кездемелерден (ичи ар түрдүү кездемелерден иштелип) кээде чети башка ар кыл түстөгү кездемелер менен күбөөлөнүп, айланасын кыюу, милте менен кооздолуп, арасына жүн, кийиз, кебез салынып кабылып көктөлөт. Таар көрпөнүн узундугу 1,5 - 3 метрдей, туурасы ыңгайга жараша ар түрдүү болот. Чеберлер курактын күбөөсүн саймалап, чырмап жасашары маалым. Кийинки мезгилдерде кездемелер оймолонуп, улуттук колоритте жасала баштады.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.