Мазмунга өтүү

Табигый аймактык комплекс

Википедия — ачык энциклопедия

Табигый аймактык комплекс, географиялык комплекс, геосистема бирдиктүү материалдык системаны түзүүчү табигый, географиялык компоненттердин (жер бетинин рельефи менен бирге климат, аба массасы, жер бетиндеги суулар, топурак, жаныбарлар дүйнөсү) бири-бири менен тыгыз байланышып, өз ара аракетте болуп, закон ченемдүү айкалышы; физикалык географиядагы негизги түшүнүк. Табигый аймактык комплексти ар кандай чоңдуктагы географиялык бирдиктер (фация жана урочище) түзөт. Бул комплекс – физикалык география жана ландшафт таануу илимдеринин негизги изилдөө объектиси. Терминди ландшафт таануучу Н. А. Солнцев сунуштаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]