Табият паркы

Википедия дан

Табият паркы – табигый же маданий ландшафттын коргоого алынган бир бөлүгү. Негизинен рекреациялык жана жаратылышты коргоо максатында уюшулат. Коруктар менен резерваттардан айырмаланып, табият паркын коргоо шарты татаал эмес.

Кыргызстанда Беш-Таш (Талас Ала-Тоосунда), Кара-Шоро (Фергана кырка тоосунда), Кыргыз-Ата (Алай кырка тоосунда), Ала-Арча (Бишкекке жакын, Кыргыз Ала-Тоосунда) табият парктары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]