Табыт

Википедия дан

Табыт (арабча ) — өлгөн адамдын сөөгүн салуучу, сөөгүн салып көтөрүүчү атайылап жасалган такта. "Манас" эпосунда Көкөтөйдү койгондо "Жаназасын окутуп, Табытка салып көтөрүп" (Сагымбай Орозбаков, 3. 54—55) барып сөөгүн койгондугу айтылат. Ошондой эле Манастын сөөгү да Т-ка салынып коюлгандыгы эскерилет: "Супка салып оротуп, Табытына салды эми" (Саякбай Каралаев, 2.250).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4