Тажикстандык кыргыздар

Википедия дан

Тажикстандык кыргыздардын — көбү негизинен тейит, найман, кесек урууларынан болушат. Ал эми башка уруулар Алайдан кийинчерээк ооп баргандар. Андыктан тажикстандык кыргыздар кыргыз тилин сактап калуу жагынан да башкалардан айырмаланып турушат. Алар тилди атайын салынган 14 кыргыз мектепте окуп үйрөнүшөт. Анда жалаң кыргыз мугалимдери иштешет. Кыскасы, тажикстандык кыргыздарга кыргыз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бир гана жери мамлекеттик кызматтарда иштеген кыргыздардан тажик тилин билүү, тажик тилинде гана сүйлөө талабы коюлган.

Мургаптык кыргыздарды Сарыкөл кыргыздары деп да атап жүрөбүз. Сарыкол өрөөнү Ооганстандын, Тажикстандын, Кытайдын территориясында созулуп жатат. 1892-жылы орус падышачылыгы, Кытай империясы жана Англия биригип Сарыколду үчкө бөлүшкөн. Ошондо Сарыкол өрөөнүндө жашаган кыргыздар оогандык, тажикстандык, россиялык, кытайлык болуп бөлүнө баштаган. Мына ошол убактан баштап, кыргыз тилинин бирдей калыпта өнүгүү жолу да айрылган.

Мургаптык кыргыздар кыргыз тилинде ыр жазууга кызыгышат. Бирок ырларда бөтөн тилден кирген сөздөрдү байкабай койгонго болбойт.

Жыгылганда хыдыры

Жыловудан колдосун

Айнанайын күйөөжан

Карчыга консун кашыга,

Эңкейгенде хыдыры,

Эгериден колдосун. (күйөөгө узап бараткан кызга айтылган насаат)

http://inter.kg/inter-gezit/1705-eski-kyrgyzcha-s1199yl1257g1257n-van-kyrgyzdary.html Archived 2017-08-16 at the Wayback Machine