Талаа этнографиясы

Википедия дан

Талаа этнографиясы - азыркы элдерди алардын салттуу турмуштук маданиятынын айрым компоненттери тууралуу алгачкы этнографиялык маалыматтарды чогултуу максатында түздөн-түз байкоо жолу менен изилдөө.

Талаа изилдөөлөрү көбүнчө түздөн-түз байкоо методу менен жүргүзүлөт. Ал стационардык же экспедициялык жол менен ишке ашырылат. Түздөн-түз байкоо жүргүзүү изилденип жаткан элдин салттуу турмуштук маданиятынын түрдүү жактарын бир кыйла терең жана толук изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экспедициянын мөөнөтү кыска (бир нече жума) же узак (бир нече ай) болушу мүмкүн; ошол эле учурда экспедиция бир же бир нече талаа сезонуна эсептелиши да ыктымал. Талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдө багыттык же бир жердетуруп, ага жакын аймакты кошо иликтөө кошо колдонулат же алар айкалыштырылат. Экспедициянын биринчи формасында изилдөөчүлөр белгилүү бир багыт боюнча бир орундан экинчисине жылып изилдейт, экинчисинде болсо, бир «базалык» объектиде - ири калктуу пунктта изилдөө жүргүзүп, жыйналган маалыматтарды текшерүү жана тактоо үчүн айлана тегеректеги жакын калктуу пункттарга мезгил-мезгили менен чыгып турушат.

Акыркы мезгилде этнологияда тест колдонуу чоң мааниге ээ болуп бара жатат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.