Этнология

Википедия дан

Этнология - (грек. ethnos - эл, logos - окуу) - кеңири мааниде этностордун теги, негизги белгилери, өз ара мамилелеринин формалары жана типтери, материалдык жана руханий маданиятынын өзгөчөлүктөрү, этностук өзүн-өзү аңдоо сезимин, этноско ыйгаруучулук маселелери менен бирге, күндөлүк жашоо-тиричилигинин түрдүү акспектилерин изилдөөчү илим.

Так маанисинде, ал баяндап жазуучу этнографиядан айырмаланып теориялык изилдөө болуп саналат. Эки илимдин тең объектиси - этнос, бирок предметтери ар түрдүү. Этнологиянын негизги предмети болуп этногенездин тигил же бул түшүндүрмөсүнө таянган этнос теориясы эсептелет. Ушундай негизде этнология этностордун тегин, алардын негизги мүнөздөмөсүн, этностор аралык мамилелерди гана эмес, ошондой эле этносоциалдык, этносаясий, этнопсихологиялык, этнолингвистикалык ж.б. процесстер менен мамилелерди изилдейт. Өз предметине ылайык этнология, археология, антропология, дин изилдөө, жалпы тарых, культурология, фольклористика, лингвистика, тил илими ж.б. илимдер менен тыгыз байланышта. Ошондон улам, этнологияда социологиялык, политологиялык, демографиялык, статистикалык ж.б. изилдөө методдорунун кеңири спектри колдонулат.

Этнологияда башкы нерсе колдо бар эмпирикалык маалыматтарды илимий анализдөө жана теориялык жалпылоо болуп саналат. Этнологиянын максаты - коомдун этноулуттук чөйрөсү жөнүндөгү билимди жаңы теориялык тыянактар менен байытуу, практикалык мааниси бар конкреттүү милдеттерди чечүү болуп саналат. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн турмушунда этностук фактордун ролу өскөн азыркы мезгилде этнология таанып билүүчүлүк, теориялык жана практикалык жактан чоң мааниге ээ болууда. Этнологдордун теориялык тыянактары жана практикалык сунуштары азыркы татаал этностук процесстерди аңдап билүүгө, улуттар аралык конфликттердин себептерин түшүнүүгө жана жөнгө салуу жолдорун табууга, этностор аралык мамилелерди оптималдаштырууга көмөктөшүп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.