Талас жазма эстеликтери

Википедия дан

Талас жазма эстеликтери — Руна сымал жазма м-н таш бетине, карапа сыныгына, жыгач таякчага чегилген түрк тилдеринде жазылган 6–10-к-га таандык Талас өрөөнүнөн табылган жазуулар. Талас өрөөнүнөн 12 чакан эпитафиялык (бейит таштарына жазылган) эстеликтер табылган. Талас жазууларында эскерилген «отуз оглан» (отуз уул), Кара Чор (Кара Чоро), Агулт (Ак уул) терминдери кыргыздарда ири уруулук топтордун аталышы катары маалым. Бул этнонимдердин аналогдору башка түрк тилдүү элдерден учурабайт. Талас эстеликтериндеги жазуулардын енисей жазуулары м-н жалпылыгы бар. Кыргыздардын башка аймактарынан да бул жазма эстеликтердин аналогдору табылып жатат.

Орхон –Энесай- Талас жазма эстеликтери көркөм мурас катары.

Кыргызстандын илимий коомчулугу азырынча Рун жазуусундагы эстеликтерди кеңири, ар тараптуу изилдөөгө алына элек. Алар (тексттер) 1982- жылы гана азыркы кыргыз тилине салынып, өзүнчө жыйнак кылып чыгарылган. Ү.Асаналиев , М.Толубаев, К.Аширалиевдер тексттерди грамматикалык жана лексикалык жагынан териштарүү иштерин ушул жыйнакка камтылган тексттерди иликтөөдөн баштагандыгын жашырууга болбойт. Орхон- Энесай эстеликтери боюнча Ү.Асаналиев гана кондидаттык диссертация жазып жактады. Ал эми бул сырдуу мурасты адабий көркөм дөөлөт катары иликтөө ишинин чети оюла элек десе да болот. Бул жагынан бизде айрым гана эмгектер жаралып, алгачкы гана айтылуу менен чектелүүдө. Ү.Асаналиев да , К.Аширалиев да, К.Сейдакматов да өз эмгектеринде Орхон-Энесай тексттерин лингвистикалык жагынан гана иликтөөгөи көңүл бурушкан.Ошондо ал мурас лекксикалык , диалектилик жагынан изилденип, алардын азыркы кыргыз тилине болгон карым- катнашына анча мынча гана назар бурулган.

Жазуучу Т.СыдыкбековТарых жана Манас”, “Улуу сөз аттуу макалаларын жазып, байыркы түрк жазууларын: “Көркөм баян, көркөм болгондо да өз заманынын обонунда айтылган дастан, кошок, поэма” – деп атаган. Академик жазуучу бул жазма эстеликтерди көркөм мурас катары баалоо , талдоо менен гана чектелбестен, Култегинге арналган жазууларды азыркы кыргыз тилине кыраатына келтире которот. Кыскасы, залкар жазуучубуз коммунисттик идея жаалданып күч алып турган мезгилде Орхон-Энесай жазма эстеликтерине кайрылып, аны кыргызчалаткан; кадыресе көркөм талдоого алган эмгек жазып, анан калса, ал дастан –поэмалар менен “Манас “ эпосунун ички байланышын, өткөндүн мурасынын оозеки чыгармачылыкка, өзгөчө баатырдык эпосторго оошуп өткөн салтын далилдүү ой жоруулар менен берүүгө жетишкен.

Орхон –Энесай жазма эстеликтерин изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү лингвистикалык, тарыхый- этнографиялык багытта гана иликтешкен. Ал эми аларды көркөм дөөлөт катары иликтөөдө И.Стеблеванын эмгеги өтө чоң. Анын “ Байыркы түрк адабиятынын поэтикасы жана анын эрте классикалык доордогу трансформациясы” , “VI- VII кылымдардагы түрктөрдүн поэзиясы” аттуу эмгкетерикөөнө түрк доорунун мурастарын адабий жагынан териштирүүдө зор мааниге ээ.

Албетте Рун жазмасындагы эстеликтерди иликтеген көрүнүктүү түркологдор алардын көркөм дөөлөт катары маанисин танган эмес. Айталы, окумуштуу С,Е. Малов Энесай жазууларын эң алгачкы кошоктордун катарына кошот. А.Н. Бернштам өзүнүн “Социально-экономический строй Орхоно-Енисейских тюрок VI-VIII вв.” деген эмгегинде: “Айрымдарында (түрк тайпаларынын ) түрк элдеринин арасында, өзгөчө якуттар менен кыргыздарда өкүм сүргөн аңыздар менен уламыштарга окшогон өтмүштөрдүн стили сезилет” – леп жазат. Ал эми байыркы түрк жазмаларын көркөм дөөлөт өңүтүнөн изилдеген И.Стеблева : “Култегин, Билге каган жана Тонукөк жазмаларын тарыхый баатырдык дастандар деп кароо туура болот. Бул чыгармалар бирдиктүү адабий- поэтикалык салттын нугунда жаралган” – деп таамай жыйынтык чыгарат.

Азыркы учурдун адабий- көркөм ой жүгүртүүсүнүн өңүтүнөн Орхон- Энесай жазма эстеликтерине саресеп салган жогоруда айтылган көз караштардын реалдуулугуна кетүү абзел. Эгерде “Манас” эпосунун жаралган мезгилин айрым пикирлер боюнча үч миң жылга тете десек, анда окумуштуу С.Суразаковдун: “Орхон эстеликтери жазылганга чейин эле ошол эстеликтердин стилине катуу таасир эткен эпикалык стили эбак калыптанып калган бай эпос өкүм сүргөн” деген пикири кыргыздын баатырдык- турмуштук эпостору менен түздөн- түз байланышат деген бүтүмгө келүүгө толук негиз боло алат.

Бул Орхон –Энесай – Талас жазма эстеликтерине Култегинге, Тонукөккө жана Билге каганга арналган эстеликтер кирет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Ж.Шериев. Байыркы адабият тарыхы

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]