Талас козголоңу

Википедия дан

Талас козголоңу – 1918-ж. августта Талас өрөөнүндөгү Дмитриевка кыштагында (азыркы Талас шаары) жергиликтүү кулактардын Совет өкмөтүнө каршы чыгуулары. Талас козголоңунун чыгышына 1918-ж. 20-майдагы азык-түлүк салыгы (Талас өрөөнү Кызыл Армия үчүн 300 ат, 3 млн. сом акча жыйнамак) шылтоо болгон. Козголоңчуларды Талас шаарына жакын жайгашкан аймактардагы кулактар, бийлер, качкын ак офицерлер колдогон. Козголоңду басуу үчүн 100 кишиден турган Чымкен жана Пишпек кошуундары жиберилген. Олуяата (Тараз) советинен да жардамга келишкен. 30-августта Талас кознолоңу басылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.