Талгак (“Манас” эпосунда)

Википедия дан

Талгак (“Манас” эпосунда)— аял боюна бүткөндөн бир нече жумадан кийин көңүлү айнып, бардык эле тамакты бирдей сиңире албай калган абалы. Бул абал медицинада изилденип, аны дарылоонун жолдору иштелип чыккан. Ал эми элдик турмушта болсо, Т. болууга байланыштуу көптөгөн уламыштар, кызык окуялар айтылат. Мындай окуялар эпосто көбүнесе болочок баатырлардын төрөлүшү менен байланыштуу. Адатта, кош бойлуу аял кабылан, жолборс, илбирс жана башкалар жаныбарлардын, аюунун жүрөгүнө, жыландын, куштун жана башкалар жандыктардын этине Т. болот. "Манас" эпосунда Чыйырды боюна бүткөндөн үч айдан кийин жолборстун жүрөгүнө Т. болуп калат.

Эр Манас бойго бүткөнү

Тамам үч ай жетиптир,

Байбиченин көңүлү

Башкага ооп кетиптир.

Өз тамагы эсте жок,

Же көрүнүүчү көзгө шок,

Бал, шекерге карабайт,

Башка тамак жарабайт,

Жесем деп жолборс жүрөгүн,

Мындан башка санабайт.

Жетпейт жолборс жүрөгү,

Жинди болуп байбиче

Жеригинен жүдөдү (Сагымбай Орозбаков, 1. 69). Чыйырды Каңгайдын кара мергени Бадалбай жолборс атканын жылкычылардан угуп, ага кара кулак чоң жамбы берип, ошол жолборстун жүрөгүн алдырат. Аны (жылкынын жүрөгү менен кошо) чала бышырып жегенден кийин гана Чыйырдынын талгагы канат: "Байбиченин талгагы Магдырап канып калганы" (Сагымбай Орозбаков, 1. 71). Боюнда бар аялдын тигил же бул тамакка Т. б-су табигый көрүнүш. Күндөлүк турмушта кош бойлуу аялдар кадимки эле жеп жаткан тамак-аштын кээ бир түрлөрүнө Т. болушат. Ал эми кабыландын же кыйынчылык менен алынуучу башка жан-жаныбарлардын эттерине, сорпосуна Т. болуу көбүнчө эпикалык чыгармаларда жолугат (бирок, кыргыз элинин кечээ жакындагы турмушунда атагы чыккан кээ бир баатырлардын энелери кош бойлуу кезинде кабыландын жүрөгүнө Т. болгондугу тууралуу тарыхый маалыматтар жок эмес). Бул көрүнүш, сыягы, алгачкы коомдук түзүлүштүн мезгилиндеги идеологиялык көз караштар, башкача айтканда тотемизм менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4