Талип Ибраимов

Википедия дан
Ибраимов Талип
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ибраимов Талип
Туулган жылы: 1940-жылы 27-декабрь
Туулган жери: Сары Булак айылы, Калинин району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, драматург
Учурдагы кызматы: Окутуучу

Жазуучу, драматург, прозаик Талип Ибраимов Калинин районундагы Сары-Булак айылында 1940-жылы 27-декабрда туулган.

Мектепти бүтүргөндөн кийин курулушта жумушчу, заводдо токарь, айылдык мектепте мугалим болуп иштеген.

1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп,

Кара-Балта шаарында жумушчу жаштардын мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган.

1970–1973-жж. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер,

Кыргызстан Кинематографисттер союзунун консультанты болуп иштеген.

1976-жылы Москва шаарындагы Жогорку сценариялык курсун бүтүрүп «Кыргызфильм» киностудиясынын коллегиясынын мүчөсү,

1996–2006-жж. башкы редактору болгон.

Азыркы учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу.

Ал «Эл арасында» (реж. Б.Шамшиев жана А. Сүйүндүков 1977-ж., 1979-жылы Ашхабад шаарындагы

Бүткүл союздук II фестивалда сыйлыкка татыктуу болгон), «Деревенская мозаика» (реж. Д.Садырбаев, 1981-ж.),

«Верить и знать» (реж. У.Ибрагимов, 1986-ж.), «Пейзаж глазами спринтера» (реж. Ш.Жапаров, 1987-ж.),

«Я не хочу так больше жить» (реж. О.Байжигитов, 1991-ж.), «Кошокчу», (реж. А.Сүйүндүков, 1991-ж. Ташкент шаарында өткөн Эл аралык фестивалдын лауреаты) толук метраждуу көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган

жана көптөгөн даректүү фильмдердин автору.

Алматы шаарында өткөн киносценарийлердин сынагында «Человек на обочине» (1981),

«И прилетит ангел» (1988) аттуу фильмдери сыйлыктарга татыктуу болгон.

Бишкекте өткөн пьесалардын сынагында «Выстрел» (1987) аттуу чыгармасы сыйлык алган.

2009-жылы Актан Арым Кубат тарткан «Свет» аттуу фильмдин авторлошу.

Көркөм чыгармалары жана макалалары республикалык гезиттерде жана журналдарда жарыяланып келген.

1991-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына татыктуу болгон.

1991-жылдан Кыргызстан Кинематографисттер союзунун, 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Плакалыцица: Повесть. – Б.: Литературный Кыргызстан, 1995. – 72 б.
  • Гнездо кукушки: Повесть. – Б.: Литературный Кыргызстан, 1996. – 45 б.
  • Старик: Повесть. – Б.: Литературный Кыргызстан, 1996. – 57 б.
  • Свадьба Фигаро: Рассказ. – Б.: Литературный Кыргызстан, 1997. – 16 б.
  • Старик: Повесть. В сборн.: «Родной очаг». – М.: Стилистика, 1998. – 57 б.
  • Ангел: Повесть. – Газета «Республика» №№ 8-14, 2000. – 63 б.
  • Старик и ангел: Сборник повестей. – М.: Европа, 2007. – 238 б.
  • Запах джиды: повесть. – Б.: Литература Кыргызстана, 2008. – 61 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6