Талканбай уулу Токтораалы

Википедия дан

Талканбай уулу Токторалы (1868–1944) – кыргыз жазма акыны, молдодон окуп кат тааныган. Талканбай Октябрь революциянын жеңишин зор кубаныч менен тозуп, аны Ленин, “Ленин жолдош эрк берди”, “Ой агайын, сал кулак!” дегендей ырларында Кеңеш бийлиги жеткизген эл турмушундагы өзгөрүштөрдү, ийгиликтерди ырга салган.

Талканбайдын ырларында бай-манапка жек көрүү сезими менен мамиле кылган, өткөндүн зыяндуу каада-салтын тартынбай сындаган. Ырлары “Жазгыч акындар” (1956) деген китепте басылган. Талканбайдын чыгармагы Октябрь революциясына чейин башталган. Ал андан кийин өзү кагазга түшүрүп, 20-жылдарда республикалык билим комиссиясына өткөрүлгөн. Айрымдары “Эркин-Тоо”, “Кызыл Кыргызстан” газетасында акын-ырчылардын ырларын топтогон эң алгачкы “Кызыл гүл” аттуу жыйнакта жарыяланган. Талканбайдын ырларынын көпчүлүгү 20–30-жылдардын аралыгында жазылып, алардын идеялык-тематикалык мазмунун ошол мезгилдеги окуялар түзгөн.

Бул ырларында кыргыз элинин маданий деңгээлинин төмөндөгүн, кайгылуу күндөрүн, бай-манаптардын адилетсиз талоончулугун түшүндүргөн. Ошондой эле Талканбай жалпы чыгармачыл ырчы, акындар сыяктуу эле өз чыгармаларында көркөм чеберчилик менен жаңы замандын артыкчылыгын элге жайылтып даңазалап, маанисин жеткирүүгө умтулган. Акын элдик үгүт, насыят ырларынын үлгүсүндө өткөн замандын терс көрүнүштөрүн ашкерелеп, жаңы замандын салтын, жүргүзгөн саясатын чеберчилик менен көркөмдөп даңазалаган талыкпас агитатор акын катарында көрүнгөн.

Талканбай элдик акындар сыяктуу эле насыят ырларында элди үгүттөө менен бирге жаңы замандын саясатынын жакшы жактарын көрсөтүүгө аракет жасаган. Бул аракетинде ал эски менен жаңыны карама-каршы коюп, катар сүрөттөйт. Акын “Ала-Тоо жандыктары”, “Сары өзөн”, “Биздин жер” Кыргызстандын жер байлыгын, айбанаттар дүйнөсүн чагылдыруу менен ар бир нерсенин мүнөздүк өзгөчөлүгүнө жараша мамиле түзүп, поэтикалык образ жарата алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Инсандар (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9