Тарбиялоонун каражаттары

Википедия дан

Тарбиялоонун каражаттары – тигил же бул методду колдонууну шарттаган иш-чаралар (аңгемелешүү, жыйналыш, экскурсиялар, кечелер ж. б.); окуучулардын ишмердигинин түрлөрү (предметтик ийримдер, олимпиада, конкурстар, жеке тапшырмаларды аткаруу); көргөзмө куралдар көркөм адабият үлгүлөрү, кинофильмдер, массалык-маалымат буюмдары ж. б.

Мис., ынандыруу тарбиялоонун методу катары сабакта ж-а сабактан тышкаркы учурларда саясат, искусство, адеп маселелери б-ча аңгемелешүү, талкуу өнөрү, лекция окуу сыяктуу иш-чаралар аркылуу ишке ашат. Ал эми көнүгүү методунун негизги каражаттарына сүрөт тартуу, ырдоо сочинение жазуу, бийлөө, роль ойноо, драмалаштыруу ж. б. кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6