Тармаширин

Википедия дан

Тармаширин – 1326–34-жылы Мавераннахрды бийлеген хан.
Чагатай тукумундагы Тува хандын уулу. Ал бир тууган агасы Кебектин бийликти борбордоштуруу саясатын уланткан.
Тармаширин Нахшеба шаарындагы улус ордосун Бухарага которуп жана ислам динин кабыл алат да, Ала ад-Дин («Ишеним улугу») атка конот. Исламды мамлекет дин катары жар салат. Ал бара-бара көчмөн ата-бабаларынын каада-салттарын жерип, канзаадаларды курултайга чакырбайт, Алмалык (Чагатай хандарынын мурдагы ордосу) менен улустун чыгыш аймактарына барганын токтотот. Анын мындай жүрүм-туруму төбөл-дөрдүн нааразылыгын туудуруп, моңгол урууларынын ыдырашына алып келген.
Чыңгыз хандын Ясы жол-жобосун бузган адам катары Тармаширинге каршы 1334-жылы Дурра- Тимурдун уулу Бузан башында турган төбөл-дөр көтөрүлүш чыгарган. Ал Газнага качууга аргасыз болгон, бирок жолдо туткунга түшүп, Бузандын колунан каза тапкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]