Тарсакент

Википедия дан

Тарсакент кыштагы - 13-кылымдын 2-жарымы –14-кылымдын 1-жарымына таандык кыштак. Тарсакент «христиандардын кыштагы» дегенди түшүндүргөн. Кыштак тууралуу алгачкы маалыматтар Рашид ад-Диндин «Жами ат-таварих» («Тарыхтар жыйынагы») эмгегинде эскерилет. Тарсакенттин орду Бишкектин түштүк-чыгышындагы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айлына жакын жерде жайгашкан. Тарсакентте Алдыңкы Азиядан келген кечилдер жана несториан динин туткан жергиликтүү түрк уруулар жашаган. Алар жергиликтүү калк арасында сириялык маданиятты, тилди, жазууну жана христианчылыкты таратышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]