Тарыхка чейинки мезгил

Википедия дан

Тарыхка чейинки мезгил – тарыхый жазма булактардын негизинде өткөн окуяларды сүрөттөйт. Бирок ал башка булак аркылуу сүрөттөлүшү да мүмкүн, мис., археологиялык жазуу пайда болгон мезгилге чейинки мезгилди тарыхка чейинки мезгил деп атоону Дэниэл Уилсон 1851-ж. сунуш кылган (Францияда бул терминди Турналь 1833-ж. колдонгон). Тарыхка чейинки мезгилден кийин прототарых мезгили келет. Бул мезгилде айрым жазма булактар кездешет, бирок дагы эле археологиялык маалыматтарга муктаждык бар. Тарыхка чейинки мезгил тарых мезгилинен көп жагынан айырмаланып турат. Мында инсандар эмес, коом же маданият жөнүндө кеп болот. Тактап айтканда, Тарыхка чейинки мезгилдин жазуу маалыматы жок болгондон кийин элдердин, тургун жайлардын аталыштарында шарттуу аттар колдонулат. Мис., алгачкы ачылган эстеликтин атынан андрон маданияты, гиссар маданиятынын калкы, хунн доорунда жашаган калктар ж.б. аталыштар бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.