Тарыхый тема

Википедия дан

Тарыхый тема — тарыхый окуялар, тарыхый болуп өткөн адамдар жөнүндө жазылган чыгармалар. Тарыхый роман, повесть, драма, поэма жана башка жанрларда өткөн мезгилди көргөн, билгендер, уккандар боюнча, ар түрдүү документтердин негизинде сүрөттөп жазуу менен ошол доорго бүгүнкү күндүн талабынан баа берилет. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч», «Келкел», А. Токомбаевдин «Таң алдында» романдары, С. Эралиевдин «Ак мөөр», А. Токтомушевдин «Алтын тоо» поэмалары, «Күндүн чыгышы» (А. Токомбаев), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов) драмалары тарыхый темада жазылган чыгармалар болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]