Шатман Садыбакасов

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Шатман Садыбакасов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Шатман Садыбакасов
Туулган жылы: 1932-жыл
Туулган жери: Дыйкан айылы, Жумгал району, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1983-жыл
Өлгөн жери: Фрунзе шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, драматург, прозаик
Наамдары:

Садыбакасов Шатман (25.05.1932 — 3.08.1983) — Кыргызстандагы белгилүү акын, прозаик, драматургдардын бири.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Шатман Садыбакасов Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Дыйкан айылында 1932-жылы 25-майда туулган.
1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун «Жаш ленинчи» журналында адабий кызматкер болуп баштаган,
1961-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор,
1965-жылдан проза жана поэзия бөлүмүнүн башчысы,
1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Ала-Too» журналынын башкы редактору болуп иштеген.

Адабий чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ш.Садыбакасовдун биринчи китеби 1958-жылы басылып чыккан «Пейил» аңгемелер жыйнагы болуп саналат.

Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин "Мүнөз", "Жол түгөнбөйт", "Бир үзүм жалын", "Күндөр", "Сонун бала", "Жашыл өзөн", "Кең дүйнө" сыяктуу ж.б. ар кыл жанрдагы китептерди окурмандарга тартуулады.

Жазуучунун чыгармаларында элибиздин тарыхына, социалдык маселелерине тийиш орчун маселелер козголуп, чагылдырылган. Кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы урунттуу учуруна арналган "Күндөр", "Ак боз ат" сыяктуу чыгармалары жеке жазуучунун эле эмес, жалпы кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүш баскычындагы бараандуу көркөм туундулар катары өз ордун ээлеген. Жазуучунун көптөгөн чыгармалары орус жана башка тилдерге да бир нече ирет которулган. «Күндөр» романы, «Ак боз ат» драмасы орус тилине которулуп басылган.

Ошол эле учурда Ш.Садыбакасов М.Шолохов, О.Гончарь, Г.Мүсрепов, В.Степанюк сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын кыргызчалаган.

Акын Ш.Садыбакасов, мейли прозалык же поэзиялык, же болбосо драматургиялык чыгармаларында болсун, жазуучулук маданияттуу сапаты даана көрүнүп турчу. Образды жаратууда, сөздөрдүн маанисин, маңызын, музыкасын кылдат сезип, элдик казыналарды терең өздөштүрүп, өзүнүн чыгармачылык өнөрканасына аларды жеткиликтүү иштеп чыгып, пайдаланып окурмандарына тартуулаган.

Жазуучу кийинчерээк драматургия жанрына да көңүл буруп, Ички Теңир-Тоодогу тарыхый окуялар чагылдырылган “Ак боз ат”, Тайлак баатыр Рыскул уулунун доору жана эрдиги тууралуу “Керме-Тоо” ("Тайлак баатыр") драмаларын, ошондой эле “Уят эмеспи” аттуу комедияны жазган.

Ш. Садыбакасовдун калеминен жаралган “Ак боз ат” драмасы кыргыз театр сахнасынын классикасына айланган чыгарма болу, театр сахнасынан өз ордун жоготпостон сахнадан түшпөстөн бүгүнкү күнгө чейин коюлуп келе жатат.

Сыйлыктары. Наамдары. Коомдук уюмга мүчөлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн» медалы менен, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Кыргызстандын ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эс тутум[оңдоо | булагын оңдоо]

2013-жылы 11-апрелде Бишкекте жазуучу Шатман Садыбакасовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди. Буга байланыштуу Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрда жазуучунун “Ак боз ат” спектакли коюлду. “Ак боз ат” айтылуу Шырдакбек баатыр тууралуу жазылган тарыхый драма. Убагында советтик идеологияга туура келбегени үчүн бир топ кыскартууга дуушар болуп, ошол боюнча сахнада кыскартылып жашап келген. Спектаклдин режиссеру Замир Сооронбаевдин айтымында, бу жолу драманын алгачкы варианты калыбына келтирилди.

Шатман Садыбакасовдун ысымы 1991-жылы өзү туулган Дыйкан айылынын орто мектебине берилген. Аталган мектептин мугалимдер жамааты, окуучулары демилге кылып, 2012-жылы маркум драматургдун 80 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.

Жарык көргөн эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде

Пейил: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 150 б.
Мүнөз: Аңгемелер, очерктер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 77 б.
Жол түгөнбөйт: Аңгемелер жана мыскылдар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 170 б.
Бир үзүм жалын: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 162 б.
Күндөр: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 340 б.
Ленинди, партияны ырдайбыз: Ленин, партия жөнүндө ырлар. – Ф.: 1967.
Жашыл өзөн: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 112 б.
Сонун бала: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 21 б.
Кең дүйнө: Чыгармалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 468 б.
Бир үзүм жалын: Повесть жана аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1981. – 192 б.
Күзгү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1981. – 30 б.
Ажайып күндөр: Роман, аңгемелер, пьесалар, азилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 407 б.
Ажайып күндөр: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 406 б.
Күзгү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 30 б.
Ак боз ат: Драмалар, интермедиялар. – Ф.: Адабият, 1989. – 140 б.

Орус тилинде жарыялангандары[оңдоо | булагын оңдоо]

Дни: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 240 с.
Зеркало: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1982. – 28 с.
Трудный перевал: Рассказы, легенда. – Ф.: Мектеп, 1983.
Этот необъятный мир: Роман, рассказы. – М.: Сов. писатель, 1984. – 335 с.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

А.Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү, Бишкек, Бийиктик, 2009. ISBN 978-9967-13-540-6.
Ж.Кулмамбетов.Театр дүйнөсүндө – Ф.: Кыргызстан, 1987.
Ж.Кулмамбетов.Ак-куу болуп асманда ай баратат: (Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу көркөмдөлгөн адабий публицистикалык чыгарма) – Б.: Кыргызтеатр, 1990.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. ISBN 978-9967-26-379-6.
  • Андашев, Дилдебек Бектурсунович. Шүкүрбек Бейшеналиевдин чыгармачылык эволюциясы. - Адистиги: 10.01.01 – Кыргыз адабияты. – Бишкек, 2010. – 157 б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. – URL: http://arch.kyrlibnet.kg/ uploads/ANDASHEV%20D.B.diss..pdf



Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]