Тарых күүсүндөгү инсан

Википедия дан

Эсен Сарымсак уулу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсен Сарымсак уулу
Эсен Сарымсак уулу
Эсен Сарымсак уулу
 
Туулган жылы: 1779 жыл(1779)
Туулган жери: Кокон хандыгы Талас өрөөнү
Уруусу: Саруу
Атасы: Мамбеткул уулу Сарымсак
Балдары: Эсен уулу Байбагыл

       

Эсен Сарымсак уулу (болжол менен - 1779(1785) - 1854(1855)) айтылуу Нүзүп, Мусулманкулдар менен үзөңгүлөш жүрүп, Кокон ордосун чаап алууга үч жолу катышкан (эки жолкусунда хан көтөрүүгө катышат, биринде хан ордого Мусулманкулду коштоп барат), ары баатыр, ары акылман, өз мезгилинин элге төбөсү көрүнгөн мыктыларынын бири болуптур. Уруусу саруу. Саруудан Көнөк, Көнөктөн Кыркуул, Кыркуулдан Келдей, Келдейден Көлдөй, Көлдөйдөн Маматкул, Маматкулдан Сарымсак, Сарымсактан Эсен.

Сарымсак уулу Эсен бизге чоң ата болот. Арийне, аталарыбыз аны Эсен аке дегендиктен, биз да Эсен аке деп калдык. Ошол Эсен акебиз оо картайып калган курагында: "Ушул жашка келгиче ушул колум менен Коконго чабуулга үч жолу барган элем" деп айтканын биздин аталарыбыз а¢ыз кылып айтып, уламалап кеп салаар эле. Көрсө, жоокерчилик убакта Коконду чаап, “Хан ордосундагы бийликти биз, кыргыздар алабыз, хан тукумунан хан коебуз, акыйкаттык орнотобуз” дешип барышчу экен да. Андай кынсыз кылыч байланып, түпөктүү найза сунган жортуулдарда көптөгөн жигиттер кырылып, балдар жетим калып, аялдар жесир калганы тарыхтан белгилүү го.

Кокон ордосундагы орчундуу окуялар Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” китебинде айтылган. Мен анда белгилүү жана белгисиз себептер менен айтылбаган, биздин ата-бабаларга тийиштүүсүн атайын.

Кокон хандыгынын гүлдөгөн доору Нарбото бийдин уулу Алим хан башкарган жылдарга туура келет. Ордо оожалып, Кокон хандык атала баштайт.

Нарботонун теги Султан Бабурга такалат. Султан Бабур Ооганстанга, андан Индияга качып барып, бүткүл Индустанга хан болуп турганда, алтын бешикте бөлөнүп калган баласын издеткен дешет. Анын тарыхы мындай. Бабур качып баратканда, Хожент менен Канибадамдын ортосундагы жолдо токолу Сейдебак толготуп, эркек төрөйт. Бала төрөлгөн жерде, бели тыңыгыча үч күн туруп калышат. Анан көзүнөн жашын мөлтүлдөтүп, баланы бешикке бөлөп, үстүнө кемерин (курун) алтын бешиктин үстүнө коюп: “Баланы алып жүрсөм, атка урунуп, же жолдо суукка урунуп өлөт, андан көрө бирөөлөр таап алса, багып алаар” деп Кудайга табыштап, таштап кетет. Ичер суусу бар экен, алтын бешиктеги наристени бирөөлөр таап, багып алат. Ысымын ырымдап Алтынбешик коюшат. Айлар жылга айланып, Индустандан кабар жетип, баягы эр жеткен жигит хан тукумунан экенин билгенден кийин бий болуп, Аксыны жердеп калат да, 1545-жылы дүйнөдөн өтөт. Кокон хандыгынын тушунда ордого хан көтөрөбүз дегенде, Нарбото бийдин ата тегин Алтынбешик менен байланыштырышып, андан бери 13 ата, 13 бий өткөнү ачыкка чыгат.

Ошол Нарбото Кокон хандыгында аталык болуп, уулу Алим хан көтөрүлгөндө, атасы Сарымсак эми гана 17-18ге толгон уулу Эсен акебиздин колуна кылыч карматып, болочок баатыр Нарботонун жоокерлеринин алдыңкы сабында болуптур. Ал убакта жоокерчилик да атадан балага калган салт, өнөр болгон. Аталар, анын ичинде элдин мыктылары мыкты чыга турган балдарын жоокерчиликке үйрөнсүн, жоодон жалтанбай, өлүмдөн качпай тургандай болсун, элге аралашсын, жаман-жакшыны эрте ажырата билсин, сөз уксун деп өздөрү менен ээрчите жүргөн экен. Сарымсак чоң атабыздын уулу Эсенди Коконго ээрчите барганы, анын салт билген, улуулардын жолун урматтаган кыраакы инсан болгонунан кабарлайт.

Нарбото менен Хажи бий аталаш бир тууган. Энеси бөлөк. Хажи бий өлгөндө Ажыбек датка анын уулу Шералы менен бийдин аялы, Шералынын энесин Таласка апкелип баш калкалатат. Кийин тубай уруусунан Токтоназар дегендин кызын Жаркын айымды алперген да Ажыбек датка эмеспи.

Кокон ордосуна жаш кезинен кызмат кылып, андагы кутумдарды ичинен билген Нүзүптүн хандыктагы бийликти тартып алуунун амалында 1842-жылы Шералыны хан көтөргөнү чоң тарыхый окуя. Мына ошондо Нүзүптү Таласка апкелип, Таластын мыктылары, анын ичинде Ажыбек датка менен жолуктурган да Эсен аке болуптур дешчү эле аталарыбыз. “Хандын тукуму хан болушу керек, Алтынбешиктин тукумун хан көтөрөбүз” дешип, Шералыны хан көтөрүү чечимин да Ажыбек датка, Эсен аке, Нүзүптөр чогуу кабыл алышкан экен. Буга караганда, Эсен аке өз мезгилинде саясий чечимдерди кабыл алууга катышып, тарыхый окуялардын так чордонунда жүргөнү көрүнүп турат.

Шералыны хан көтөрүүдө Эсен акенин орду өзгөчө. Болгону ал тууралуу эмнегедир “Сынган кылычта” айтылган эмес. Биздин балдар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун өзүнөн да сурап: “Эмне үчүн Эсен акени өз чыгармаңызга киргизбей койгонсуз?” дегенде, ал: “Эсен Сарымсак уулунун Кокон ордосуна Шералыны хан көтөрүүдөгү эрдиги айтса түгөнгүс. Бирок, көркөм чыгармага ал окуяга катышкан каармандардын баарын эле киргизе албайт экенсиң”, - деп айткан экен.

Эмнеси болсо да Эсен аке ошол тарыхый окуяларда Нүзүп, Мусулманкулдар менен үзөңгүлөш гана эмес, аларга акыл кошчу болгону талашсыз чындык. Акыл кошчу болгону дегеним, Эсен аке алардан 10-11 жаш улуу.

Кокон ордосун алып, хан көтөрүү эле оңой иш бекен. Ошол барышта, Эсен акенин кол башчылыгы алдында Таластан Колпоч баатыр баштаган баатырлар да барганы белгилүү. Колпочтун сөөгү Аксыда. Жалаң эле саруулар эмес, Таластын баш-аягы барган. Чүйдөн солтолор да келген. Хан көтөрө турган болгон соң, баары келишкен. Коконго айылчылап бармак беле, куралжарагы, кам-чому менен барган. Ошолордун баарынын башын кошкон, ыкка көндүргөн Эсен аке болуптур.

Аталардын айтымында, Мусулманкул саруу уруусунун Келдей тукумуна жээн, өзү да Келдей тагаларынын колунда өскөн. Нүзүп Коконго барганда, аны жанына жолдош кылып ээрчите барганы да тегин жерден эмес. Келдейлер Таласта да, Кетмен-Төбөдө да, Аксыда да бар. Шералыны хан шайларда кыпчак эли да көп жардам берген.

Шералыдан үч бала бар. Малабек, Сопубек, Кудаяр. 1845-жылы Шералы өлөт. Малабек хан 1862-жылы өлтүрүлөт. Алымбек датка да 1862-жылы, Алымкул аталык 1865-жылы өлөт.

Кийин Нүзүп өлгөндө, Нүзүптүн оң колу болгон Мусулманкул 14 жашар Кудаярды хан көтөрүп, такка апкелген. Мусулманкул аталык болуп, Кудаярга кызын берет. Тилекке каршы, ордодо чагымчылар өтө көп болгондуктан, алар күйөө баласын кайнатасына каршы тукурган. Шералы хандын уулу Кудаяр хан үч жолу ордого хан болгон.

Мусулманкул Кокон ордосу менен араздашып, Кудаяр хан экөөнүн ортосу сууганда, Эсен аке аны Таласка апкелип, Чолок-Булак, Терс-Булакка үй көтөрүп берип, баш калкалаткан. Аталардын айтымында, анын эки себеби бар. Бири Эсен аке менен жолдошчулугу, ага туткандыгы. Экинчи бир себеби, Мусулманкулдун энеси саруу уруусунун Келдейинин кызы болгондой эле, анын аялдарынын бири да Келдейдин кызы.

Арадан бир жыл өтпөй Мусулманкул: “Менин элимди кырып жатса, кара башымды калкалап жатып алганым жарабайт. Мен өлсөм бир кишимин”, - деп кайра барат. Мусулманкулду жалгыз жибербей, “Кокус өлсөк, бир чу¢курда бололу”, – деп кылычын кынсыз байланып, Эсен аке аны менен чогуу коштоп барат. Болжол менен алтымыштан өтүп калган курагы экен.

Барганда хан Мусулманкулду карматып, колун сындырат, бутун сындырат. Башына чоң ташты койгондо, эки көзү чанагынан чыгып кетет. Ошондо да ал “кың” деп үн чыгарбаптыр. Аргасы куруган ордочулар даргага асканы апкелет. Ошондо Мусулманкул: “Балам, барсыңбы?” - деп ач арстандай кыйкырат. Эл арасынан: “Бармын, ата”, - деп жооп кайтарат бирөө. “Анда тоо таяна кач” дейт Мусулманкул. Бала качып чыгат.

Эсен аке Таласка кайткан жолдо, тоо таянып качышкан Мусулманкулдун баласы менен аялын таап, өз айылына ала келет. Түшүнгөн адамга Эсен акенин бул кадамы эрдикке тете иш болгон. Эгер кокус, муну билип калса, Мусулманкулдун башын алган хан ордо Эсен акенин деле түбүнө жетмек. Анын антип башын өлүмгө сайганы, бир чети Мусулманкул менен болгон касам ичишкен достугу, бир эсе айтымда, ал баланын энеси Келдейдин кызы окшобойбу. Ошондо ал баланы Келдейге жээн десек болчудай.

Хандын башын хан жуткан заманда сөөк өчтүлүк, кек куу кадимки эле көрүнүш болгон. Ошондуктан Эсен аке ал баланын Мусулманкулдун баласы экенин жан кишиге айтпай, из жашырып, сурагандарга “молдо баласы” дедиртип, баланын атасынын уругун гана айттырып, өз баласындай көрүп чоңойтсо керек. Айтса, баланын өзүнө айткандыр. Болбосо, ал кезде Кокон хандыгынын укуругу узун эле да. Кокус кабарын билип калса, куугунчуларды жиберип, баланы майып кылып коймоктур ким билет. Ошентип, кыпчак элинин Кулан кыпчак уруусунун молдо баласы уругунан чыккан Мусулманкулдун бир урпагынын, Келдей аялынан төрөлгөн баланын аман калып, тукум улап, Мусулманкулдун атын өчүрбөй калышында Эсен акенин эмгеги чоң. Көк-Кашатта өздөрүн “молдо баласы” деген 20 түтүн бар.

Эсен аке тууралуу айыл аксакалдарынан уккан бир аңызды айта кетейин. Эмне жумуштап барганын ким билет, Эсен аке Таластын этегине, Эгемберди датканын айылына өзү жалгыз жөнөп калат. Шайтандай болуп, бир шок жигит: “Мен да төмөн тарапка бармак элем”, - деп ээрчип алат. Эсен аке жаш жигиттин шагын сындырбайын деп макул болот. Датка кичүүрөөк экен, Эсен акеге сый көрсөтүп, жакшы кабыл алат. Тилекке каршы, аны ээрчип келген жигит өз жумуштары менен кетип, шоктук кылганбы, же тилинен тапканбы, анын ээнбаштыгы Эгемберди даткага жетип, датка жигиттерине айтып, Эсен акени ээрчип келген жигитти байлатып, ээн үйгө каматып салат.

Эсен аке кыраакылык кылып, мунун баарын байкайт. Тиги шок жигитти кантип бошотуп кетерин түнү менен ойлоп, эртеси таң атпай ойгонот. Сыртта ары-бери басат. Бир маалда чай дайын болуп, аны үйгө чакырышат. Дасторкон четинде отуруп, Эгемберди датка: “Эсеке, бүгүн эрте турдуңуз. Мынча кайда шашылдыңыз? Дагы бир-эки күн конок болуп кетпейт белеңиз” – деп сөзгө тартат. Анда Эсен аке: “Түндө жакшы түш көрдүм. Түшүмө эки жолборс кирип, талаадан жолукту. Бирин байлап, сиздин эшигиңе апкелип байладым. Буюрса, балалуу болосуң”, - деп сөздүн учугун алыс таштайт. Жашы кичүү болсо да датка эмеспи, Эсен аке салтты сыйлап, өзүн ээрчип келген жигиттин амандыгы үчүн, датканы жибитиш үчүн калп айтат. Көрсө, Эгемберди датка балалуу болбой жүргөн экен.

Аттанып жатып: “Мени ээрчип келген бала бар эле”, - деп сурайт. Эсен акенин тегин адам эмес экенине дагы бир жолу тан берген Эгемберди датка жигиттерине: “Баланы аттап-тондоп, сый көрсөтүп апкелгиле”, - деп жумшайт.

Кайра кайткан жолдо Эсен аке мойнуна курун салып: “Оо Жараткан, жанымдагы жигитимдин амандыгы үчүн калп айтып койдум. Кечир мени, Эгемберди даткага бала бер, тилегимди кабыл кыл”, - деп жалынып үйүнө чейин ыйлап келет. Жыл айланбай датка балалуу болот. Эгиз балалуу болуп, биринин ысымын Нур коет. Эгемберди датка Эсен акени мурдагыдан да катуу сыйлап калат.

Эсен акеден Байгабыл. Болжол менен Байгабыл 1830-жылы туулган. Андан Жээналы чоң ата 1860-жылы тулган. Жээналыдан беш бала: Айталы 1880-жылы, Мамыраалы 1885-жылы, Жекшенаалы 1890-жылы, Жумаалы 1905-жылы, Жуманалы (Бечел) 1917-жылы туулган. Жуманаалы документте 1920-жылы туулган деп жүрөт. Чоң атабыз Жээналы 1940-41-жылдары кайтыш болгон.

Кийин эле революциянын убагында Жээналы чоң атабыз Калбанын суусунун жээгине тегирмен салып, элге суу сүрүп берип, элди ун менен камсыз кылып, көп жардам берчү экен. Жээналы чоң атабыздын тегирменчилиги тууралуу Токтогул Сатылгановдун мурдагы китептеринде эскерилип, Жээналы тегирменчинин үйүнө келип ырдап, үн созгону тууралуу айтылат.

Келдей чоң атабыз тууралуу эки ооз сөз. Келдейбай жупуну жүргөн, олуя чалыш жакшы киши эле дээр экен. Белине байланганы талдын кабыгынан кур, башына кийгени койдун терисинен малакай, мингени өгүз, ээри ыңырчак, үзөңгүсү талдын же арчанын бутагынан жасалган үзөңгү экен. Көргөн киши шылдыңдап күлгүдөй кебетеде жүрчү эле дешет. Жылаңач этинде жылан оролгондой, белинде дөңкөйүп чыгып турчу тагы бар экен. Айтымда, белине чындап эле жылан оролгондо дубалап этине катырып алган деген сөз бар.

Бир күнү мал төлдөп болуп, эл жайлоого көчө турган күндөрү бир келини төркүнүнө кетип, кечигип калат. Бир күн күтөт жок, "Кой, эми көчө берели" деп көчүп, элди жайлоого кондуруп коюп, эртеси күнү утурлап жол тосуп, келинин адашып кетпесин деп, анан да сынайынчы деп, өгүзүн минип, тал кабыгын курчанып, тосуп жүрсө, төркүнүнөн баягы келини келаткан болот. Билмексен болуп, өгүзүн кармап турса, келин жакын келип, ийилип салам берип, Келдейбай көчүн сурап калат.

Айдай бетин нур чалган,

Тал кабыгын курчанган.

Үзөңгүсү тал эле,

Малакайы бар эле.

Токунганы ком эле,

Акылга бай жан эле.

Журту калып өзү жок,

Билген жандар бар беле?, - деп келин тартынбай сураганда: "Ушундан өйдө бара берсең, Терс-Булак деген жерге көчүп барган”, - деп жооп кылып: “Аттигиниң келиндерди таанытпасак болбойт экен”, - деп барып, байбичесине: "Эртең келиндердин баарын чогулт”, - дейт. Келдейбай келиндерин чогулттуруп, кайната-кайнагаларынын үстүнө киргизип, тааныштырган экен. Ошондон ушул убакка днйре келин келгенден кийин келинди кайната-кайнагаларынын үйүнө киргизип, качпай, көргөн жерден жүгүнүп, ызаат кыла билип жүрсүн деп, келинди көргөзүп көрүндүк алып калышыптыр.

Менин атам Казыбай сөзмөр, санжырачы киши болгон. Бир көргөн адамга жупуну, жөнөкөй адамдай көрүнөр эле. Бирок сөз сураса, так жана даана айтчу. Эл аны тамашалап: “Дубана” деп коюшчу. Ошондуктан алы жеткен жана жетпегендер сөзгө жыккысы келип тамашалашчу.

Бир айтта көчөдө айттап жүрүп, ылдыйкы айылга барып калат. Барганы ал айылда жашаган курбусу Тагай деген киши кайтыш болуп, атам куран окуп келейин деп барыптыр. Барса, балдары Тагайга арнап мал союп, куран окутуп жаткан болот. Атам тамактын үстүнөн чыгып отуруп калат. Анда өзү менен теңтуш бирөө: “Дубана, Калбадан айттап, куржунуң толбой, биздин айылдан толтурайын дедиңби”, - деп атамды сөзгө жыкмакчы болот. Ошондо атам: “Илгери Тагай экөөбүз дос элек, өлөрүндө мага: “Мен өлгөндөн кийин туугандарым чогулган жерде ачык айтып, аялымды нике кыйдырып ал”, - деп керээз калтырды эле. Ошону туугандары, балдарынын көзүнчө айтайын деп келдим эле”, - деген экен. Отургандар берки кишиге: “Буга тийишпей жөн отур дебедик беле, эми молдону апкелип нике кый”, - деген экен.

Биздин "Ботура" келдейлердин накта аталышы - "Данбагар" келдейлер. Аксыда "Данбагар" келдей десе тааныйт. "Ботура" аталып калганы кийин эле, Коконго аталарыбыз согушка барып, көбү жарадар болуп, аттарынан ажырап, аттуусу келип, аты жогу келе албай калат. Калбада мотурайган-тотурайган жетим балдар калып, аларды “ботура-тотура” деп, атап койгон экен”, - деп атам айтаар эле. Накта атыбыз "Данбагар" келдей.

Калбанын наркы өйүзүндө, күн чыгыш бетинде Данбагар деген жер, картада "Данбагар арык" деген эки арык, Эсен арык деген да арык бар. Ошол жер мурда ата бабаларыбыз жердеген жер экен. Жашаган жери Калба жайлоосунун босого оозу, суунун наркы өйүзү, берки өйүзү болгондуктан таластык келдейлерди "Данбагар" келдей дейт. Кийин кеңеш өкмөтү колхоз-совхозго бөлгөндө биздин жерибиз кушчуларга бөлүнүп, карасуулуктарга карап калат.

Калбанын ичинде Терс-Булак жана Кайнар деген чоң өзөндүн кышы жылуу, жайы салкын, малга жайлуу жер келет. Байкаган адамга чөбү абдан жакшы. Чөптүн не бир түрлөрү өсөт. Кымыздык, ышкын, сарымсак, көбүргөн, аккодол сыяктуу не бир дары чөптөр бар. Таш короолору эң сонун, жайлуу, жылуу ык жерге салынган. Короонун ичине кирсеңиз, ичи кадимки кыш кирпич менен коюлгандай, ташты кынап, сонун салган. Ошол убакта эле адамдар жайлуу, жылуу жерге отурукташкан окшойт. Суу чыгарган жерлерин көрсөк, төштүн боорунан, асканын ортосунан, талдан шынаа кылып, чымдан төшөп, асканын боорунан сууну алып өткөн экен.

Чолок-Булак деген жерде келдей арык деген арык бар. Ошол арыкты суу аңдап, ылдый жүз метр төмөн түшүп кеткенде, кайра жетелеп отуруп, эски мурунку нукка жеткирген Базарбай деген чоң аталарыбыз уста киши экен.

Кабылбек Казыбай уулу, санжырачы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

     Санжырачы Кабылбек Казыбай уулу 1946-жылы 10-июнда Талас районунун Калба айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң, Москва шаарындагы Сокольники районунда Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.Адистештирилген кесипкөйлүк билимге ээ. Айыл чарбасынын ар кандай тармагында бел чечпей эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Санжырачылык касиет Талас өрөөнүнө санжырачы жана саяпкер катары таанылышкан чоң атасы менен атасынан өткөн. Өмүрлүк жубайы Абдыкеримова Калипа экөө төрт уул, төрт кызды тарбиялап өстүрүшкөн.