Тасмия

Википедия дан

Тасмия, дасмыя (иранча даст — кол, майе — акча) — анча-мынча оокат, азырак пул, каражат. Болгон мүлк, алы, кудурети деген мааниде да айтыла берет. "Манас" эпосунда мындай учурайт: "Аз тасмия мүлкүмдү Чачып кетип баратам" (Курама вариант, 1. 269). Семетей Ысмайылдын колунда чоңоюп, он экиге келгенде өтө шок чыгып, кожо-молдолорду сабаганда, алар Темирканга келип даттанганы мындай айтылат:

Тасмыясы жогунан,

Кыркып ийип чыбыгын,

Кылып берип ырымын,

Ысмайылга берди эле (Саякбай Каралаев, "Семетей",

1. 75).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4