Ысмайыл

Википедия дан

Ысмайыл"Манас" эпосунун каарманы, Темиркандын уулу, Семетейдин таякеси. Он эки жашка чыкканча ата катары Семетейди Ы. багып өстүрөт. Манас өлгөндөн кийин Каныкей уулунун өмүрүн сактап калуу үчүн Семетейди алып төркүнүнө качып баргандан эпостун окуяларына Каныкейдин иниси Ы". аралашат. "Былк эткизбей эл-журтун билип калган" Ы-га Каныкей Манастын керээзи боюнча уулу Семетейди бала кылып берет. Семетей "а дүйнө кеткен Манастын ата экенин түк билбей" он экиге келгенче Ы-дын колунда тарбияланат. Ы-дын Каныкейдин иниси экендиги жана Семетейди багып өстүргөндүгү бардык варианттарда негизинен бирдей эле айтылат. Радлов жазып алган вариантта гана Семетейди Каныкейдин агасы Солтонкул багат. Семетей он экиге толгондо таятасы Темиркан аны кан көтөрүп той берет. Тойдо Каныкей Семетейдин келечегине Тайторуну төлгө кылып чаап, ал чыгып келет. Ы. атасы эмес, өз атасы Манас, жери Талас, эли кыргыз экенин билген Семетейди эли-жерине таятасы Темиркан, таякеси Ы. ак батасын берип узатышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4