Мазмунга өтүү

Татаал сөздөр

Википедия — ачык энциклопедия

Татаал сөздөр – эки же андан көп сөздүн айкалышынан түзүлүп, жаңы маани берген сөздөр.

Татаал сөздөр төрт түргө бөлүнөт:

  1. кош сөздөр – жуп-жубу менен уйкаш айтылып, бир маани берген татаал сөздөр (мисалы, ата-эне, бала-чака, кыз-кыркын, кызыл-тазыл);
  2. кошмок сөздөр – эки же андан көп сөздөн туруп, бир гана маани туюнткан татаал сөздөр (мисалы, айыл чарба, өнөр жай, темир жол)[1]
  3. кыскартылган сөздөр – бир нече толук маанилүү сөздөн туруп татаал сөздөрдүн шарттуу түрдө кыскартылып алынган түрү. Алар баш тамгаларынан (мисалы, БУУ, ГЭС, ММК, ИА, ЖОЖ), башкы муундарынан (мисалы, редкеңеш, райкеңеш) же башкы муундары алынып, андан кийинки сөз толук сакталат (мисалы, профсоюз).
  4. бириккен сөздөр- (мисалы, бул+күн=бүгүн, бул+жыл+быйыл); бириккен сөздөр мурун татаал сөз болгон, азыр жөнөкөй сөз болуп калган;

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 20 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 25 -июнь (кулжа) 2022.