Кошмок сөздөр

Википедия дан

Кошмок сөздөр. Кошмок сөздөр эки же андан көп уңгулардын айкашынан туруп, бир суроого жооп болуп түшүү менен бир түшүнүктү, аталышты туюнтат. Бирок тутумундагы уңгулар бири-бири менен кош сөздөр сыяктуу тең байланышта эмес, багыныңкы байланыштын ыкташуу (алп каракуш, төө тикен, кара чыйырчык жана башка), башкаруу (көз таңмай, күн карама, кабар ал жана башка), таандык (көз акы, көз айнеги, тоо гүлү, насос заводу) жолдору аркылуу байланышат.
Ошондой эле, тутумундагы сөздөр кош сөздөрдөй бир сөз түркүмүнөн эмес, бир же ар башка сөз түркүмүнөн курулат. Мисалы,
Зат атоочтордон: аба ырайы, өнөр жай, бака жалбырак;
Зат атооч жана этиштен: көңүл бөлбө, жардам бер, көз сал;
Сын атооч менен зат атоочтон: боз үй, кызыл үй, кызыл кулак;
Сан атооч менен зат атоочтон: кырк аяк, беш бармак, үч бурчтук;
Сын атооч менен сын атоочтон: кара тору, таргыл ала, ала тембил;
Сан атооч менен сан атоочтон: он беш, бир миң тогуз жүз токсон беш;
Этиш менен этиштен: жетип бар, барып кел, күтүп ал.
Көпчүлүк кошмок сөздөрдүн ар бир компоненти өз алдынча мааниге ээ болгон сөздөрдөн болсо, кээ бирлеринин азыркы учурда маанисин жоготкон сөздөрдөн болот. Бирок, мындай кошмок сөздөгү маани бербеген уңгу маани берген уңгуну жаңы түшүнүккө, аталышка ээ кылып турат. Мисалы, чар тарап, төрт түлүк, көкөй кести, сом туяк, Тогуз-Торо жана башка.кош зат атоочтор


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдувалиев Ибраим “Кыргыз тилинин морфологиясы” . Бишкек – 2008