Ташкындоо жана тартылуу

Википедия дан

Ташкындоо жана тартылуу - Айдын жана Күндүн тартылуу күчтөрүнүн натый-жасында океан (деңиз) деңгээлинин мезгил-мезгили менен өзгөрүп турушу.

Ушул эле күчтөрдүн натыйжасында Жер тулкусунда (башкача айтканда жердин катуу катмарында) да деформация («жер ташкыны») жүрөт, атмосфера басымы өзгөрүп турат («атмосфера толкуну»). Айдын ташкын пайда кылуучу күчү Күндүкүнөн 2,2 эсе күчтүү болгондуктан ташкындоо жана тартылуу процесстери көбүнчө Айга байланыштуу. Ташкын негизинен 4 типке бөлүнөт: жарым суткалык (суткасына 2 жолу көтөрүлүп, кайра пастайт), аралаш, суткалык. Ташкындын өлчөмү, мүнөзү Жер, Ай, Күндүн өз ара аракеттенүүсүнө гана эмес, ошондой эле деңиздин геогр. абалына, тереңдигине, жээк сызыгынын формасына да байланыштуу. Океандын ачык мейкиндигинде ташкын адатта 1 мдей, жээктерге жакын 18 мге чейин (Атлантика океанынын Фанди булуңунда) болот. Ташкын-тартылуудан Дүйнөлүк океанда ташкын агымдары пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2