Ташмамат Жумабаев
| Жумабаев Ташмамат | |
| Жалпы маалымат | |
| Жумабоев Тошмамат | |
| Туулган жылы: | 1924-жыл |
| Туулган жери: | Таштак айылы, Ош району, Кыргызстан |
| Өлкө: | |
| Ишмердүүлүгү: | офисер |
Жумабаев Ташмамат — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
Өмүр жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1924-жылы Кыргыз ССРинин Ош районундагы Таштак айылында туулган.Улуту — өзбек. КПССтин мүчөсү. Комбанерлордун курсун бүтүрүп, Мады МТСинде иштеген. 1942-жылы октябрда он сегиз жаш курагында майданга кеткен. Сержант. Аткычтар отделениесинин командири.
Эрдиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1943-жылдын майынан тартып Борбордук жана Белорус фронтторунун составында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эки жолу жарадар болуп, айыккандан кийин кайра катарга келген.
Сыйлыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Днепрдан ийгиликтүү өтүп, плацдармга бекем орношуп алып, анда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наамга 1943-жылы 30-октябрда татыктуу болгон.
Согуштан кийин Ташмамат Жумабаев офицер болуп, Советтик Армияда кызмат кылуусун уланткан.Памир автотрестинде иштеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иманкулов А., Алыкулов Б., Турсунбеков Ч. “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт” — Фрунзе, 1986.