Таш-Акыр

Википедия дан

Таш-Акыр"Манас" эпосундагы топоним. Семетей жол жүргөнү жатып чоролорунан "Таш-Акырдын куу талаа Аны көргөн барсыңбы?, Бүгүнкү күн жакшы күн" (Радлов жазып алган вариант, 312), — деп сурайт.

Таш Акыр — элдик уламыш боюнча Манас баатыр Алайды тажик каны Шоорук кандан бошотуу үчүн урушка бара жатып аты Аккулага жем жедирген түбү анчалык чуңкур эмес, акыр сыяктуу жалпагыраак таш.

Таштардын арасында жайгашкан Т. а. Өзгөн району Жазы суусунун боюндагы Ана-Кызыл айлынан 5 км алыстыктагы жайлоо жерде. Эл арасында "Аккула таш акырдан жем жеген, Ак-Башаттан суу ичкен" деген сөз айтылып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4