Таш-Тулга

Википедия дан

Таш-Тулга — тарыхый-археологиялык эстелик. Соң-Көлдүн тескейиндеги "Жылдыз-Көл" аталган майда көлдөрдүн батыш тарабындагы "Мамы таш". "Аккуланын мамысы" жана башка эстеликтерге жакын жаткан шакек сыяктуу тегерете тизилген таштар. Анда тогуз таш тегерек бар. Ар бир тегерекче 8 таштан турат да бардыгы 72 таш.

Тегерекчелердин ар биринин аралыгы 5—6 мдей Алар түндүктөн түштүккө карай (таш тегеректердин өз ара аралыгын кошо эсептегенде 178 мге созулат. Экинчи жана алтынчы тегеректеги таштардын ирети бир аз бузулган. Калгандары тегерек "тулга" сымал. Таш тулгалар меридиан багытында созулуп, төртүнчү жана бешинчи тегеректер жалпы түз сызыктан четтеп калган. Таштар жерден 30—40 см чыгып турат. Ар биринин диаметри 50—70 см, оордугу 100—150 кг келет.

Соңкөлдүн тегерегинде Т. Т-дан башка да археологиялык эстеликтердин (коргондор) бир меридиан багытында ырааттуу жайгашышы кандайдыр бир закон ченемдүүлүккө баш ийген бекем тутулган байыркы расым, үрп-адат барбы деген ой туудурат. Таш тегеректерге илгерки замандан убакытты, мейкиндиктин багытын, сезондук мезгилдердин созулушун жана башкалар аныктоочу астрономиялык өтө жөнөкөй аспап катары пайдаланышы да мүмкүн.

Археолог Д. Ф. Винник Таш-Тулга биздин заманга чейин курулуп, байыркы элдердин диний, ритуалдык-расым түшүнүктөрү болуу керек деп эсептейт (1989). Өткөн кылымдардын тарыхынан кабары жок элдер байыркы эстеликтер жөнүндө көбүнчө жоромол, уламыш айтуу менен чектелген. Тегерек коюлган таштарды да "Таш-тулга" деп атап, Манастын ысымына байланыштырышкан. Манас кырк чоросу менен Соңкөлгө келип, таштардан тулга орноттуруп, тамак астырып, түнөп кеткен имиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]