Таш-кечүү

Википедия дан

Таш-кечүү"Манас" эпосундагы топоним. Алмамбет, Сыргак Коңурбайдын жылкысын тийип айдап келатканда жалгыз гана кечүүсү бар бир чоң өзөндөн кечип өтүшөт. Бул кечүү эпосто Т.-К. деп аталат (Сагымбай Орозбаков, 4. 287). Манастын кытай менен болгон экинчи урушунда Жолой кечип өткөн кечүү (Саякбай Каралаев, 1. 152). Географиялык реалияда Синьцзяндагы Манас өзөнүнүн кечүүсү (Таш-Өткөөл, Шыта-Кечүү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4