Таш дөбө археологиялык эстеликтери

Википедия дан

Таш дөбө археологиялык эстеликтери - Каракужур өрөөнүндө Каракужур суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Эрте темир дооруна таандык көрүстөндөр тобу бар. Алардын ичинен көлөмдүүсүнүн диаметри 44 м, бийиктиги 3,5 мге жеткен. Көрүстөндөрдөн сырткары таш дөбө археологиялык эстеликтеринин курамына балбалдар жана коргон эстеликтери кирет. Бейиттердин биринен жылкысы менен кошо көмүлгөн жоокердин сөөгү, жаанын жебелери, окчонтой, жаанын сөөктөн жасалган бастырмалары, колодон жасалган кемер кур, ээр, үзөңгү, жибек [[кездеме]нин калдыгы табылган. 1954-ж. археолог А. Кибиров тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.